Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #37 Translated in Kyrgyz

قَالَ رَبِّ إِنِّي قَتَلْتُ مِنْهُمْ نَفْسًا فَأَخَافُ أَنْ يَقْتُلُونِ
(Муса) айтты: «О, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгонмун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун
وَأَخِي هَارُونُ هُوَ أَفْصَحُ مِنِّي لِسَانًا فَأَرْسِلْهُ مَعِيَ رِدْءًا يُصَدِّقُنِي ۖ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُكَذِّبُونِ
Жана менин биртууганым Харун, ал менден тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы-пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. (Болбосо,) алар мага ишенбей коюшат деп ойлоймун»
قَالَ سَنَشُدُّ عَضُدَكَ بِأَخِيكَ وَنَجْعَلُ لَكُمَا سُلْطَانًا فَلَا يَصِلُونَ إِلَيْكُمَا ۚ بِآيَاتِنَا أَنْتُمَا وَمَنِ اتَّبَعَكُمَا الْغَالِبُونَ
(Аллаһ) айтты: «Биз сени биртууганың менен кубаттандырабыз жана экөөңө ушундай бийлик беребиз, алар экөөңө жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөң жана экөөңө ээрчигендер жеңүүчү болосуңар»
فَلَمَّا جَاءَهُمْ مُوسَىٰ بِآيَاتِنَا بَيِّنَاتٍ قَالُوا مَا هَٰذَا إِلَّا سِحْرٌ مُفْتَرًى وَمَا سَمِعْنَا بِهَٰذَا فِي آبَائِنَا الْأَوَّلِينَ
Эми, качан гана Муса Биздин анык баян-далилдерибиз менен аларга келгенде (жана жылан-далил менен кол-далилди көргөзгөндө): «Бул ойдон чыгарылган сыйкырдан башка нерсе эмес. Биз мындайды абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз»- дешти
وَقَالَ مُوسَىٰ رَبِّي أَعْلَمُ بِمَنْ جَاءَ بِالْهُدَىٰ مِنْ عِنْدِهِ وَمَنْ تَكُونُ لَهُ عَاقِبَةُ الدَّارِ ۖ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ
(Муса) айтты: «Өзүнүн алдынан ким Туура Жол алып келгенин жана Акыбет (Бейиш) коргону кимдер үчүн болушун Раббим жакшыраак билет. (Силерге окшогон) заалымдар эч качан жеңишке (Бейишке) жетпейт!»

Choose other languages: