Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #22 Translated in Kyrgyz

فَأَصْبَحَ فِي الْمَدِينَةِ خَائِفًا يَتَرَقَّبُ فَإِذَا الَّذِي اسْتَنْصَرَهُ بِالْأَمْسِ يَسْتَصْرِخُهُ ۚ قَالَ لَهُ مُوسَىٰ إِنَّكَ لَغَوِيٌّ مُبِينٌ
Эртеси (эртең менен) шаарда, алаңдап, коркуп бара жатса, капыстан, кече жардам сураган киши (дагы) жардамга чакырып калды. Муса ага: «Сен анык азгырылган (шайтан жолдон урган) адам экенсиң» деди. (Бирок, өз уруусундагы кишини жардамсыз коюуну каалабады. Жок дегенде ажыратып коёюн деп)
فَلَمَّا أَنْ أَرَادَ أَنْ يَبْطِشَ بِالَّذِي هُوَ عَدُوٌّ لَهُمَا قَالَ يَا مُوسَىٰ أَتُرِيدُ أَنْ تَقْتُلَنِي كَمَا قَتَلْتَ نَفْسًا بِالْأَمْسِ ۖ إِنْ تُرِيدُ إِلَّا أَنْ تَكُونَ جَبَّارًا فِي الْأَرْضِ وَمَا تُرِيدُ أَنْ تَكُونَ مِنَ الْمُصْلِحِينَ
Экөөсүнө тең душман болгон адамды (египеттик кишини) күч менен кармоону каалады эле, ал: «О, Муса! Кечээ бир жанды өлтүргөнүң сыяктуу, мени да өлтүрөйүн дедиңби?! Сен жер бетинде зордукчул болууну каалап калгансың го! Сен (абалды) оңдоочулардан болууну каалабайсың!»- деди
وَجَاءَ رَجُلٌ مِنْ أَقْصَى الْمَدِينَةِ يَسْعَىٰ قَالَ يَا مُوسَىٰ إِنَّ الْمَلَأَ يَأْتَمِرُونَ بِكَ لِيَقْتُلُوكَ فَاخْرُجْ إِنِّي لَكَ مِنَ النَّاصِحِينَ
Анан шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «О, Муса! (душман) адамдар сени өлтүрүү жөнүндө сүйлөшүп жатышат. (Шаардан тез) чыгып кет. Мен сага насаат айтуучуларданмын!»-деди
فَخَرَجَ مِنْهَا خَائِفًا يَتَرَقَّبُ ۖ قَالَ رَبِّ نَجِّنِي مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Муса, алаңдап, коркуп: «О, Раббим! Мени заалым коомдордон куткара көр» деген бойдон (шаардан тез) чыгып кетти
وَلَمَّا تَوَجَّهَ تِلْقَاءَ مَدْيَنَ قَالَ عَسَىٰ رَبِّي أَنْ يَهْدِيَنِي سَوَاءَ السَّبِيلِ
Ал Мадян тарапка жөнөгөндө (ээн чөлдө баратып): «Раббим мени Туура Жолго салып койгусу бардыр» - деди

Choose other languages: