Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mujadala Ayahs #16 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نَاجَيْتُمُ الرَّسُولَ فَقَدِّمُوا بَيْنَ يَدَيْ نَجْوَاكُمْ صَدَقَةً ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌ لَكُمْ وَأَطْهَرُ ۚ فَإِنْ لَمْ تَجِدُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
О, момундар! Эгер пайгамбар менен жекече сүйлөшүүнү кааласаңар, сүйлөшүүңөрдөн мурда (кедейлерге) садака бергиле!. Бул силер үчүн жакшы жана тазараак (жорук) Эгерде (садакага) эч нерсе таппасаңар, Аллаһ Кечиримдүү, Боорукер
أَأَشْفَقْتُمْ أَنْ تُقَدِّمُوا بَيْنَ يَدَيْ نَجْوَاكُمْ صَدَقَاتٍ ۚ فَإِذْ لَمْ تَفْعَلُوا وَتَابَ اللَّهُ عَلَيْكُمْ فَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ ۚ وَاللَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ
Эмне, силер жекече сырдашуунун алдынан садака берсеңер (кембагал болуп калуудан) коркосуңарбы? Бербесеңер бербегиле, Аллаһ тообаңарды кабыл алды. Бирок, намазыңарды (кем кылбай) окуп, зекетти (өз убагында, толук) бергиле!! Аллаһка, Анын пайгамбарына моюн сунгула! Аллаһ - ишиңерден Кабардар
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ تَوَلَّوْا قَوْمًا غَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مَا هُمْ مِنْكُمْ وَلَا مِنْهُمْ وَيَحْلِفُونَ عَلَى الْكَذِبِ وَهُمْ يَعْلَمُونَ
(О, Мухаммад!) аларга (мунафыктарга) карабайсыңбы, Аллаһ каарына алган коом (яхудийлер) менен дос болуп жүрүшөт. Алар силерден эмес, алардан да эмес?. Жалгандан («мен — мусулманмын!» деп) ант ичишет. Бирок, (мусулман эмес экенин) билип эле турушат
أَعَدَّ اللَّهُ لَهُمْ عَذَابًا شَدِيدًا ۖ إِنَّهُمْ سَاءَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Аллаһ (Акыретте) аларга катуу азапты даярдап койгон! Алардын иштери (жалгандан ант ичүү жана эки жүздүүлүк) кандай жаман
اتَّخَذُوا أَيْمَانَهُمْ جُنَّةً فَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ فَلَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ
Анттарын (өздөрүнө) калканыч кылышат. Анан (башкаларды) Аллаһтын Жолунан тосушат. Аларга (Кыяматта) кордоочу азап бар

Choose other languages: