Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mujadala Ayahs #18 Translated in Kyrgyz

أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ تَوَلَّوْا قَوْمًا غَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مَا هُمْ مِنْكُمْ وَلَا مِنْهُمْ وَيَحْلِفُونَ عَلَى الْكَذِبِ وَهُمْ يَعْلَمُونَ
(О, Мухаммад!) аларга (мунафыктарга) карабайсыңбы, Аллаһ каарына алган коом (яхудийлер) менен дос болуп жүрүшөт. Алар силерден эмес, алардан да эмес?. Жалгандан («мен — мусулманмын!» деп) ант ичишет. Бирок, (мусулман эмес экенин) билип эле турушат
أَعَدَّ اللَّهُ لَهُمْ عَذَابًا شَدِيدًا ۖ إِنَّهُمْ سَاءَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Аллаһ (Акыретте) аларга катуу азапты даярдап койгон! Алардын иштери (жалгандан ант ичүү жана эки жүздүүлүк) кандай жаман
اتَّخَذُوا أَيْمَانَهُمْ جُنَّةً فَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ فَلَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ
Анттарын (өздөрүнө) калканыч кылышат. Анан (башкаларды) Аллаһтын Жолунан тосушат. Аларга (Кыяматта) кордоочу азап бар
لَنْ تُغْنِيَ عَنْهُمْ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُمْ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ۚ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
(Жыйнаган) мал-дүйнөсү менен перзенттери аны Аллаһ тарабынан (азап болуп келген) эч нерседен тосо албайт! Алар — тозок ээлери! Алар анда түбөлүк калышат
يَوْمَ يَبْعَثُهُمُ اللَّهُ جَمِيعًا فَيَحْلِفُونَ لَهُ كَمَا يَحْلِفُونَ لَكُمْ ۖ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ عَلَىٰ شَيْءٍ ۚ أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ الْكَاذِبُونَ
Аллаһ алардын бардыгын кайра тирилткен күнү, силерге ант ичкен сыяктуу Ага да ант иче башташат жана бул аларга пайда берет деп ойлошот. Уккула! Алар — чектен чыккан жалганчылар

Choose other languages: