Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #82 Translated in Kyrgyz

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَىٰ لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ۚ ذَٰلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ
Исрайил урпактарынан каапыр болгондору Дауд жана Марямдын уулу Ыйсалардын тили менен каргышка калышкан! Бул (каргыш) күнөө кылгандары жана чектен чыккандарыы себептүү болду
كَانُوا لَا يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنْكَرٍ فَعَلُوهُ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ
(Дагы) алар жасап жаткан күнөө иштерден бири-бирин кайтарышкан эмес. Бул иштери кандай жаман жорук
تَرَىٰ كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنْفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ
Алардын көпчүлүгү каапырларды дос кылып алганын көрөсүң. Өз баштарына өздөрү келтирип алган нерсе - Аллаһтын аларга болгон жек көрүүсү кандай жаман! Жана алар азапта түбөлүк калышат
وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَٰكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
Эгер алар Аллаһка, пайгамбарга жана пайгамбарга (Аллаһ тарабынан) түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиришкенде, каапырларды дос кылып алмак эмес. Бирок, алардын көпчүлүгү (каапырды дос туткан) бузукулар
لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا ۖ وَلَتَجِدَنَّ أَقْرَبَهُمْ مَوَدَّةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الَّذِينَ قَالُوا إِنَّا نَصَارَىٰ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّ مِنْهُمْ قِسِّيسِينَ وَرُهْبَانًا وَأَنَّهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ
(О, Мухаммад!) Сен, момундарга адамдардын эң катуу душман болгону - яхудийлер жана мушриктер экенин көрөсүң. Ал эми, “Биз - христиандарбыз” дегендерди болсо, момундар үчүн жакыныраак дос экенин көрөсүң. Мунун себеби алардын арасында (яхудийлер сыяктуу орой болбогон) дин аалымдары жана кечилдери бар. Жана алар текеберленишпейт

Choose other languages: