Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #78 Translated in Kyrgyz

أَفَلَا يَتُوبُونَ إِلَى اللَّهِ وَيَسْتَغْفِرُونَهُ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Аллаһка тооба кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы?! (Эгер ошентчү болсо) Аллаһ - Кечиримдүү, Ырайымдуу
مَا الْمَسِيحُ ابْنُ مَرْيَمَ إِلَّا رَسُولٌ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهِ الرُّسُلُ وَأُمُّهُ صِدِّيقَةٌ ۖ كَانَا يَأْكُلَانِ الطَّعَامَ ۗ انْظُرْ كَيْفَ نُبَيِّنُ لَهُمُ الْآيَاتِ ثُمَّ انْظُرْ أَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ
Марямдын уулу Ыйса болгону, бир пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анын апасы «сиддика» (айкын илимдүү, таза ыйман-ибадаттуу) аял болгон. Экөө тең тамак-аш жеп жүрүшкөн. Биз аларга Өз аяттарыбызды кандай баяндап бергенибизди жана (ушуга да карабай) алардын (Аллаһ жөнүндө) кандай дооматтарды ойлоп чыгаргандарын көрүп койгун
قُلْ أَتَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَمْلِكُ لَكُمْ ضَرًّا وَلَا نَفْعًا ۚ وَاللَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
Айткын: “(О, христиандар!) Силер Аллаһтан башка, силерге пайда да, зыян да бере албаган нерселерге сыйынасыңарбы?! Аллаһ Угуучу, Билүүчү!»
قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَا تَغْلُوا فِي دِينِكُمْ غَيْرَ الْحَقِّ وَلَا تَتَّبِعُوا أَهْوَاءَ قَوْمٍ قَدْ ضَلُّوا مِنْ قَبْلُ وَأَضَلُّوا كَثِيرًا وَضَلُّوا عَنْ سَوَاءِ السَّبِيلِ
Айткын: “О, китеп элдери! Диниңерде кыянаттык менен чектен чыкпагыла! Мындан мурун адашкан, көп адамдарды адаштырган жана түз жолдон тап-такыр адашып кеткен коомдун каалоолоруна ээрчип кетпегиле
لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَىٰ لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ۚ ذَٰلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ
Исрайил урпактарынан каапыр болгондору Дауд жана Марямдын уулу Ыйсалардын тили менен каргышка калышкан! Бул (каргыш) күнөө кылгандары жана чектен чыккандарыы себептүү болду

Choose other languages: