Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #53 Translated in Kyrgyz

وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ ۖ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ ۗ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ
Алардын (яхудийлердин) арасында Аллаһ түшүргөн нерсе (Кураан, Сүннөт) менен өкүм кыл! Алардын каалоо-кызыкчылыгына ээрчибе! Аллаһ сага түшүргөн нерселердин кээ бирлеринен сени (өз каалоолоруна) буруп коюууларынан сак бол! Эгер (сенин өкүмүңдөн) жүз бурушса, билгин, Аллаһ аларга кээ бир айып-күнөөлөрү себептүү кайгы жеткирүүнү каалайт. Чынында, адамдардан көпчүлүгү (шариятка моюн сунбаган) бузукулар
أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ ۚ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
Алар (сенин өкүмүңө ыразы болбой) жаахилий (исламдан башка) өкүмдөрдү каалашат бекен?! Акылы тунук элдер үчүн ким Аллаһтан жакшыраак өкүм түзүп бере алат
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَىٰ أَوْلِيَاءَ ۘ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
О, ыйман келтиргендер! Яхудийлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-биринин достору. Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек, ал -ошолордон! Албетте, Аллаһ заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт
فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَىٰ أَنْ تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ ۚ فَعَسَى اللَّهُ أَنْ يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِنْ عِنْدِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَىٰ مَا أَسَرُّوا فِي أَنْفُسِهِمْ نَادِمِينَ
Анан сен (о, Мухаммад), жүрөгүндө (мунафыктык) оорусу бар адамдардын, алар (яхудийлер) тарапка умтулуп: “(Эгер буларды дос тутпай койсок) бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз” дегендерин көрөсүң. Аллаһ жеңишти же болбосо, Өзү тарабынан (аларды шерменде кыла турган) бир ишти берип калгысы бардыр. Ошондо алар (эки жүздүү мунафыктар) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат
وَيَقُولُ الَّذِينَ آمَنُوا أَهَٰؤُلَاءِ الَّذِينَ أَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ ۙ إِنَّهُمْ لَمَعَكُمْ ۚ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فَأَصْبَحُوا خَاسِرِينَ
Жана ыйман келтирген адамдар (эки жүздүүлөрдүн жосунсуз жоруктарынан кыжырданышып): “Кайра-кайра ант ичип: “Биз силер мененбиз”-дегендер ушуларбы?! дешет. Алардын иштери (дүйнөдө) текке кетти жана (Акыретте) зыян тартуучуларга айланышты

Choose other languages: