Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #54 Translated in Kyrgyz

أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ ۚ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
Алар (сенин өкүмүңө ыразы болбой) жаахилий (исламдан башка) өкүмдөрдү каалашат бекен?! Акылы тунук элдер үчүн ким Аллаһтан жакшыраак өкүм түзүп бере алат
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَىٰ أَوْلِيَاءَ ۘ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
О, ыйман келтиргендер! Яхудийлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-биринин достору. Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек, ал -ошолордон! Албетте, Аллаһ заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт
فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَىٰ أَنْ تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ ۚ فَعَسَى اللَّهُ أَنْ يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِنْ عِنْدِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَىٰ مَا أَسَرُّوا فِي أَنْفُسِهِمْ نَادِمِينَ
Анан сен (о, Мухаммад), жүрөгүндө (мунафыктык) оорусу бар адамдардын, алар (яхудийлер) тарапка умтулуп: “(Эгер буларды дос тутпай койсок) бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз” дегендерин көрөсүң. Аллаһ жеңишти же болбосо, Өзү тарабынан (аларды шерменде кыла турган) бир ишти берип калгысы бардыр. Ошондо алар (эки жүздүү мунафыктар) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат
وَيَقُولُ الَّذِينَ آمَنُوا أَهَٰؤُلَاءِ الَّذِينَ أَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ ۙ إِنَّهُمْ لَمَعَكُمْ ۚ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فَأَصْبَحُوا خَاسِرِينَ
Жана ыйман келтирген адамдар (эки жүздүүлөрдүн жосунсуз жоруктарынан кыжырданышып): “Кайра-кайра ант ичип: “Биз силер мененбиз”-дегендер ушуларбы?! дешет. Алардын иштери (дүйнөдө) текке кетти жана (Акыретте) зыян тартуучуларга айланышты
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَنْ يَرْتَدَّ مِنْكُمْ عَنْ دِينِهِ فَسَوْفَ يَأْتِي اللَّهُ بِقَوْمٍ يُحِبُّهُمْ وَيُحِبُّونَهُ أَذِلَّةٍ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى الْكَافِرِينَ يُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلَا يَخَافُونَ لَوْمَةَ لَائِمٍ ۚ ذَٰلِكَ فَضْلُ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
О, момундар! Силердин араңардан кимде-ким өз дининен кайтса, жакын арада (аларды кетирип, ордуна) Аллаһ аларды сүйө турган, алар дагы Аны сүйө турган,! ыймандууларга ырайымдуу, каапырларга каардуу, Аллаһтын жолунда (мал-жандарын аябай) жихад кыла турган жана айыптоочу адамдардын ушактарынан коркпогон бир коомду алып келет. Бул — Аллаһтын пазилети, аны каалаган пенделерине берет. Аллаһ (эхсан-жакшылыкта) Кенен жана Билүүчү

Choose other languages: