Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #26 Translated in Kyrgyz

قَالُوا يَا مُوسَىٰ إِنَّ فِيهَا قَوْمًا جَبَّارِينَ وَإِنَّا لَنْ نَدْخُلَهَا حَتَّىٰ يَخْرُجُوا مِنْهَا فَإِنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا فَإِنَّا دَاخِلُونَ
Алар айтышты: “О, Муса”, анда бакубат, кайраттуу адамдар бар экен. Ошолор чыгып кетмейинче, биз ал жерге кире албайбыз. Эгер алар өздөрү чыгып кетишсе, анан биз киребиз”
قَالَ رَجُلَانِ مِنَ الَّذِينَ يَخَافُونَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمَا ادْخُلُوا عَلَيْهِمُ الْبَابَ فَإِذَا دَخَلْتُمُوهُ فَإِنَّكُمْ غَالِبُونَ ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَتَوَكَّلُوا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
(Ошондо) Аллаһтан корко турган, Аллаһ аларга (сабырдуулукту, эр жүрөктүүлүктү) нээмат кылып берген эки адам айтты: “Алардын үстүнө эшиктен кирип баргыла. Кирип эле алсаңар, силер жеңүүчү болосуңар. Жана эгер момун болсоңор, Аллаһка гана тобокел кылгыла”
قَالُوا يَا مُوسَىٰ إِنَّا لَنْ نَدْخُلَهَا أَبَدًا مَا دَامُوا فِيهَا ۖ فَاذْهَبْ أَنْتَ وَرَبُّكَ فَقَاتِلَا إِنَّا هَاهُنَا قَاعِدُونَ
Айтышты: «О, Муса, алар (бакубат адамдар) шаар ичинде турса, биз эч качан кирбейбиз! Барабер, өзүң, Раббиң экөөң согуша бергиле! Биз ушул жерде гана отурабыз!»
قَالَ رَبِّ إِنِّي لَا أَمْلِكُ إِلَّا نَفْسِي وَأَخِي ۖ فَافْرُقْ بَيْنَنَا وَبَيْنَ الْقَوْمِ الْفَاسِقِينَ
(Муса) айтты: «О, Раббим! Мен өзүм менен бир тууганым(Харун) дан бөлөк эч кимге ээ боло албай калыптырмын! Эми, биз менен бул бузулган коомдун арасын ажыратып, (аларды кылмышына жараша) жазала!»
قَالَ فَإِنَّهَا مُحَرَّمَةٌ عَلَيْهِمْ ۛ أَرْبَعِينَ سَنَةً ۛ يَتِيهُونَ فِي الْأَرْضِ ۚ فَلَا تَأْسَ عَلَى الْقَوْمِ الْفَاسِقِينَ
Аллаһ (пайгамбарынын дубасын кабыл кылып, мындай) деди: «Эми, аларга (бул шаарга кирүү) арам! Алар жер жүзүндө кырк жыл адашып-тентип жүрүшөт! Сен бул бузулган коом үчүн бушайман болбо!»

Choose other languages: