Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #24 Translated in Kyrgyz

وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ اذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ جَعَلَ فِيكُمْ أَنْبِيَاءَ وَجَعَلَكُمْ مُلُوكًا وَآتَاكُمْ مَا لَمْ يُؤْتِ أَحَدًا مِنَ الْعَالَمِينَ
Бир кезде Муса коомуна (мындай) деди: “О, коомум! Аллаһтын силерге берген нээматтарын эстегиле! Бир кездерде Аллаһ силердин араңардан пайгамбарларды, падышаларды чыгарды жана силерге ааламдардан эч кимге бербеген нээматтарды берди
يَا قَوْمِ ادْخُلُوا الْأَرْضَ الْمُقَدَّسَةَ الَّتِي كَتَبَ اللَّهُ لَكُمْ وَلَا تَرْتَدُّوا عَلَىٰ أَدْبَارِكُمْ فَتَنْقَلِبُوا خَاسِرِينَ
О, коомум! Аллаһ силерге (кирүүнү) парыз кылган (мына бул) Ыйык Жерге киргиле жана (коркоктук кылып) артыңарга кайтпагыла, зыян тартуучулардан болуп каласыңар»
قَالُوا يَا مُوسَىٰ إِنَّ فِيهَا قَوْمًا جَبَّارِينَ وَإِنَّا لَنْ نَدْخُلَهَا حَتَّىٰ يَخْرُجُوا مِنْهَا فَإِنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا فَإِنَّا دَاخِلُونَ
Алар айтышты: “О, Муса”, анда бакубат, кайраттуу адамдар бар экен. Ошолор чыгып кетмейинче, биз ал жерге кире албайбыз. Эгер алар өздөрү чыгып кетишсе, анан биз киребиз”
قَالَ رَجُلَانِ مِنَ الَّذِينَ يَخَافُونَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمَا ادْخُلُوا عَلَيْهِمُ الْبَابَ فَإِذَا دَخَلْتُمُوهُ فَإِنَّكُمْ غَالِبُونَ ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَتَوَكَّلُوا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
(Ошондо) Аллаһтан корко турган, Аллаһ аларга (сабырдуулукту, эр жүрөктүүлүктү) нээмат кылып берген эки адам айтты: “Алардын үстүнө эшиктен кирип баргыла. Кирип эле алсаңар, силер жеңүүчү болосуңар. Жана эгер момун болсоңор, Аллаһка гана тобокел кылгыла”
قَالُوا يَا مُوسَىٰ إِنَّا لَنْ نَدْخُلَهَا أَبَدًا مَا دَامُوا فِيهَا ۖ فَاذْهَبْ أَنْتَ وَرَبُّكَ فَقَاتِلَا إِنَّا هَاهُنَا قَاعِدُونَ
Айтышты: «О, Муса, алар (бакубат адамдар) шаар ичинде турса, биз эч качан кирбейбиз! Барабер, өзүң, Раббиң экөөң согуша бергиле! Биз ушул жерде гана отурабыз!»

Choose other languages: