Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #22 Translated in Kyrgyz

وَقَالَتِ الْيَهُودُ وَالنَّصَارَىٰ نَحْنُ أَبْنَاءُ اللَّهِ وَأَحِبَّاؤُهُ ۚ قُلْ فَلِمَ يُعَذِّبُكُمْ بِذُنُوبِكُمْ ۖ بَلْ أَنْتُمْ بَشَرٌ مِمَّنْ خَلَقَ ۚ يَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا ۖ وَإِلَيْهِ الْمَصِيرُ
Яхудийлер менен христиандар: “Биз Аллаһтын балдары жана сүйүктүүлөрү болобуз” - дешти. Айткын: “Анда эмне үчүн Аллаһ силерди күнөөңөр үчүн азаптайт?” Жок, силер деле Аллаһ жараткан (жөнөкөй эле) инсансыңар. Ал Өзү каалаган пендесинин (күнөөлөрүн) кечирет жана каалаганын азапка дуушар кылат. Асмандар, Жер жана ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин мүлкү Аллаһка таандык. Жана Ага гана кайтуу бар
يَا أَهْلَ الْكِتَابِ قَدْ جَاءَكُمْ رَسُولُنَا يُبَيِّنُ لَكُمْ عَلَىٰ فَتْرَةٍ مِنَ الرُّسُلِ أَنْ تَقُولُوا مَا جَاءَنَا مِنْ بَشِيرٍ وَلَا نَذِيرٍ ۖ فَقَدْ جَاءَكُمْ بَشِيرٌ وَنَذِيرٌ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
О, китеп ээлери! Мына, (мурунку) пайгамбарлардан кийин бир нече замандар өтүп, (силер пайгамбарга өтө муктаж бир мезгилде) силерге Биздин пайгамбарыбыз (Мухаммад) келди. (Келишинин себеби) силер (Кыяматта) “Бизге не бир Бейиш кабарчысы, не бир Тозок кабарчысы келген эмес” деп айта албасыңар үчүн. Силерге Бейиш-Тозоктон кабар берүүчү (пайгамбар) анык келди. (Аны уккула). Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү
وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ اذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ جَعَلَ فِيكُمْ أَنْبِيَاءَ وَجَعَلَكُمْ مُلُوكًا وَآتَاكُمْ مَا لَمْ يُؤْتِ أَحَدًا مِنَ الْعَالَمِينَ
Бир кезде Муса коомуна (мындай) деди: “О, коомум! Аллаһтын силерге берген нээматтарын эстегиле! Бир кездерде Аллаһ силердин араңардан пайгамбарларды, падышаларды чыгарды жана силерге ааламдардан эч кимге бербеген нээматтарды берди
يَا قَوْمِ ادْخُلُوا الْأَرْضَ الْمُقَدَّسَةَ الَّتِي كَتَبَ اللَّهُ لَكُمْ وَلَا تَرْتَدُّوا عَلَىٰ أَدْبَارِكُمْ فَتَنْقَلِبُوا خَاسِرِينَ
О, коомум! Аллаһ силерге (кирүүнү) парыз кылган (мына бул) Ыйык Жерге киргиле жана (коркоктук кылып) артыңарга кайтпагыла, зыян тартуучулардан болуп каласыңар»
قَالُوا يَا مُوسَىٰ إِنَّ فِيهَا قَوْمًا جَبَّارِينَ وَإِنَّا لَنْ نَدْخُلَهَا حَتَّىٰ يَخْرُجُوا مِنْهَا فَإِنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا فَإِنَّا دَاخِلُونَ
Алар айтышты: “О, Муса”, анда бакубат, кайраттуу адамдар бар экен. Ошолор чыгып кетмейинче, биз ал жерге кире албайбыз. Эгер алар өздөрү чыгып кетишсе, анан биз киребиз”

Choose other languages: