Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #15 Translated in Kyrgyz

وَيَدْعُ الْإِنْسَانُ بِالشَّرِّ دُعَاءَهُ بِالْخَيْرِ ۖ وَكَانَ الْإِنْسَانُ عَجُولًا
Инсан жакшылык тилеп дуба кыл-ганы сыяктуу, жамандык тилеп да дуба кыла берет. Инсан (ушундай) шашма
وَجَعَلْنَا اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ آيَتَيْنِ ۖ فَمَحَوْنَا آيَةَ اللَّيْلِ وَجَعَلْنَا آيَةَ النَّهَارِ مُبْصِرَةً لِتَبْتَغُوا فَضْلًا مِنْ رَبِّكُمْ وَلِتَعْلَمُوا عَدَدَ السِّنِينَ وَالْحِسَابَ ۚ وَكُلَّ شَيْءٍ فَصَّلْنَاهُ تَفْصِيلًا
Биз түн менен күндүздү (Өз кудуретибизге далил катары) эки аян-белги кылдык. Анан (элдер тынч эс алсын деп) түн-белгини өчүрдүк (караңгы кылдык) Ал эми, Раббиңердин пазилетин издеп, (тиричилик кылып) жүрүшүңөр үчүн жана эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн күн-белгини жарык кылдык. Биз ар бир нерсени анык-айкын баяндадык
وَكُلَّ إِنْسَانٍ أَلْزَمْنَاهُ طَائِرَهُ فِي عُنُقِهِ ۖ وَنُخْرِجُ لَهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ كِتَابًا يَلْقَاهُ مَنْشُورًا
Ар бир адамдын (жакшы же жаман) ишин өз мойнуна илип койдук жана Кыямат күндө ага, таратылган, өзү жолукчу китебин (амал дептерин) чыгарып беребиз. (Жана)
اقْرَأْ كِتَابَكَ كَفَىٰ بِنَفْسِكَ الْيَوْمَ عَلَيْكَ حَسِيبًا
«Китебиңди оку, бүгүн өзүңдүн зыяныңа өзүң жетишерлик эсепчисиң!» (дейбиз)
مَنِ اهْتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهْتَدِي لِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا ۚ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۗ وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّىٰ نَبْعَثَ رَسُولًا
Ким Туура Жолго түшсө — өз пайдасы үчүн түшөт. Кимде-ким адашса, өзүнүн зыянына адашат. Эч ким бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз пайгамбар жибермейинче (эч кимди) азапка салбайбыз

Choose other languages: