Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #17 Translated in Kyrgyz

وَكُلَّ إِنْسَانٍ أَلْزَمْنَاهُ طَائِرَهُ فِي عُنُقِهِ ۖ وَنُخْرِجُ لَهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ كِتَابًا يَلْقَاهُ مَنْشُورًا
Ар бир адамдын (жакшы же жаман) ишин өз мойнуна илип койдук жана Кыямат күндө ага, таратылган, өзү жолукчу китебин (амал дептерин) чыгарып беребиз. (Жана)
اقْرَأْ كِتَابَكَ كَفَىٰ بِنَفْسِكَ الْيَوْمَ عَلَيْكَ حَسِيبًا
«Китебиңди оку, бүгүн өзүңдүн зыяныңа өзүң жетишерлик эсепчисиң!» (дейбиз)
مَنِ اهْتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهْتَدِي لِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا ۚ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۗ وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّىٰ نَبْعَثَ رَسُولًا
Ким Туура Жолго түшсө — өз пайдасы үчүн түшөт. Кимде-ким адашса, өзүнүн зыянына адашат. Эч ким бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз пайгамбар жибермейинче (эч кимди) азапка салбайбыз
وَإِذَا أَرَدْنَا أَنْ نُهْلِكَ قَرْيَةً أَمَرْنَا مُتْرَفِيهَا فَفَسَقُوا فِيهَا فَحَقَّ عَلَيْهَا الْقَوْلُ فَدَمَّرْنَاهَا تَدْمِيرًا
Эгер Биз бир шаарды кыйратууну кааласак, анын дене кумарына берилген (бай) адамдарына буюрабыз.? Кийин алар шаарда бузукулук кылганда, үстүлөрүнө сөз (азап) түшүүсү ылайык болуп калат. Анан аны жер менен жексен кылабыз
وَكَمْ أَهْلَكْنَا مِنَ الْقُرُونِ مِنْ بَعْدِ نُوحٍ ۗ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ بِذُنُوبِ عِبَادِهِ خَبِيرًا بَصِيرًا
Биз Нухтан кийин дагы нечендеген муундарды кыйраттык. Раббиң Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар (жана) Көрүүчү

Choose other languages: