Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #77 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا النَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٌ فَاسْتَمِعُوا لَهُ ۚ إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَنْ يَخْلُقُوا ذُبَابًا وَلَوِ اجْتَمَعُوا لَهُ ۖ وَإِنْ يَسْلُبْهُمُ الذُّبَابُ شَيْئًا لَا يَسْتَنْقِذُوهُ مِنْهُ ۚ ضَعُفَ الطَّالِبُ وَالْمَطْلُوبُ
Эй, (мушрик) адамдар! (Мындай) салыштыруу келтирилди, угуп койгула: Аллаһтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайлар» бир чиркейди да жарата алышпайт. Эгер ага (аны жаратууга) чогулушса да. Жана эгер чиркей алардан бир нерсени тартып (жеп) алса, аны андан куткара алышпайт. (Ошентип, Аллаһтан башка кудайдан бир нерсе) тилегендер да алсыз, тилек багытталган («кудайлар») да алсыз
مَا قَدَرُوا اللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ
Алар Аллаһты чындап баалай алышпады. Чынында Аллаһ өтө Кубатуу, Кудуреттүү
اللَّهُ يَصْطَفِي مِنَ الْمَلَائِكَةِ رُسُلًا وَمِنَ النَّاسِ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ بَصِيرٌ
Аллаһ периштелерден жана адамдардан элчилерди тандап алат. Аллаһ - Угуучу, Көрүүчү
يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ ۗ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
Аллаһ алардын келечектерин жана өтмүштөрүн(дө болгон бардык окуяны) билет. Иштердин баары Аллаһка кайтат
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ارْكَعُوا وَاسْجُدُوا وَاعْبُدُوا رَبَّكُمْ وَافْعَلُوا الْخَيْرَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ۩
О,ыйман келтирген адамдар! Өзүңөрдүн Раббиңерге рукуу, сажда жана ибадат кылгыла. Жана жакшы иштерди жасагыла! (Ошондо) Жеңишке (Бейишке) жетээрсиңер

Choose other languages: