Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #78 Translated in Kyrgyz

اللَّهُ يَصْطَفِي مِنَ الْمَلَائِكَةِ رُسُلًا وَمِنَ النَّاسِ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ بَصِيرٌ
Аллаһ периштелерден жана адамдардан элчилерди тандап алат. Аллаһ - Угуучу, Көрүүчү
يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ ۗ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
Аллаһ алардын келечектерин жана өтмүштөрүн(дө болгон бардык окуяны) билет. Иштердин баары Аллаһка кайтат
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ارْكَعُوا وَاسْجُدُوا وَاعْبُدُوا رَبَّكُمْ وَافْعَلُوا الْخَيْرَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ۩
О,ыйман келтирген адамдар! Өзүңөрдүн Раббиңерге рукуу, сажда жана ибадат кылгыла. Жана жакшы иштерди жасагыла! (Ошондо) Жеңишке (Бейишке) жетээрсиңер
وَجَاهِدُوا فِي اللَّهِ حَقَّ جِهَادِهِ ۚ هُوَ اجْتَبَاكُمْ وَمَا جَعَلَ عَلَيْكُمْ فِي الدِّينِ مِنْ حَرَجٍ ۚ مِلَّةَ أَبِيكُمْ إِبْرَاهِيمَ ۚ هُوَ سَمَّاكُمُ الْمُسْلِمِينَ مِنْ قَبْلُ وَفِي هَٰذَا لِيَكُونَ الرَّسُولُ شَهِيدًا عَلَيْكُمْ وَتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ ۚ فَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَاعْتَصِمُوا بِاللَّهِ هُوَ مَوْلَاكُمْ ۖ فَنِعْمَ الْمَوْلَىٰ وَنِعْمَ النَّصِيرُ
Аллаһтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. (Себеби) Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (эч бир) тардык жасаган эмес. (Силерге буюрулган дин) атаңар Ибрахимдин дини. Ал (Аллаһ) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Кураанда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн. Эми, намазды толук окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар - Аллаһка бекем (ыклас менен) байлангыла! Ал не деген жакшы Кожоюн жана кандай жакшы Жардамчы

Choose other languages: