Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #66 Translated in Kyrgyz

ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ هُوَ الْبَاطِلُ وَأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْعَلِيُّ الْكَبِيرُ
Анткени, Аллаһ — Акыйкат. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» - жалган. Чынында Аллаһ эң Бийик, эң Улук
أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَتُصْبِحُ الْأَرْضُ مُخْضَرَّةً ۗ إِنَّ اللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٌ
Көрбөйсүңбү, Аллаһ асмандан суу түшүргөндө, жер жап-жашыл болуп калганын? Чынында, Аллаһ өтө Мээримдүү, (бардык нерседен) Кабардар
لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَإِنَّ اللَّهَ لَهُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ
Асмандарда жана Жердегилердин бардыгы Анын мүлкү. Аллаһ бир Өзү гана Беймуктаж, (жана ысым-сыпаттары менен) Макталган
أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ سَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي الْأَرْضِ وَالْفُلْكَ تَجْرِي فِي الْبَحْرِ بِأَمْرِهِ وَيُمْسِكُ السَّمَاءَ أَنْ تَقَعَ عَلَى الْأَرْضِ إِلَّا بِإِذْنِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ بِالنَّاسِ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ
Көрбөйсүңбү, (о, Мухаммад), Аллаһ силер үчүн жердеги нерселерди жана деңизде Өз уруксаты менен жүрө турган кемени моюн сундуруп койду. Ал асманды (андагы жылдыздарды) жерге кулап кетүүсүнөн кармап турат. Өзүнүн уруксаты болгондо гана (алар жерге кулап түшүшү мүмкүн.) Аллаһ адамдарга өтө Ырайымдуу, Боорукер
وَهُوَ الَّذِي أَحْيَاكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يُحْيِيكُمْ ۗ إِنَّ الْإِنْسَانَ لَكَفُورٌ
Ал силерге өмүр-жашоо берип, кийин өлтүргөн, анан (Акыретте) дагы тирилте турган Кудай. Аныгында инсан жеткен шүкүрсүз

Choose other languages: