Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #14 Translated in Kyrgyz

ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتْ يَدَاكَ وَأَنَّ اللَّهَ لَيْسَ بِظَلَّامٍ لِلْعَبِيدِ
(О, каапыр!) Бул азаптар өзүңдүн эки колуңдун жасаганы себептүү. Аллаһ пенделерге зулумдук кылуучу эмес
وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَعْبُدُ اللَّهَ عَلَىٰ حَرْفٍ ۖ فَإِنْ أَصَابَهُ خَيْرٌ اطْمَأَنَّ بِهِ ۖ وَإِنْ أَصَابَتْهُ فِتْنَةٌ انْقَلَبَ عَلَىٰ وَجْهِهِ خَسِرَ الدُّنْيَا وَالْآخِرَةَ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْخُسْرَانُ الْمُبِينُ
Адамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллаһка бир беткейлик менен (же адат үчүн же мансап үчүн, же мусулмандардан коркуп) ибадат кылат. Эгер ага (ибадаты себептүү) бир жакшылык жетсе, аны менен көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир (оор) сыноо жетсе (динден) жүз буруп кетет. (Мындай адамдар) дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу
يَدْعُو مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُ وَمَا لَا يَنْفَعُهُ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الضَّلَالُ الْبَعِيدُ
(Аллаһка ыклас менен ыйман келтирбеген адам) Аллаһтан башка пайда да, зыян да бере албай турган «кудайларга» дуба кылышат. Бул абдан катуу адашуу
يَدْعُو لَمَنْ ضَرُّهُ أَقْرَبُ مِنْ نَفْعِهِ ۚ لَبِئْسَ الْمَوْلَىٰ وَلَبِئْسَ الْعَشِيرُ
Алар пайдасынан зыяны көбүрөөк «кудайларга» дуба кылышат.! (Ал «кудайлар») Кандай жаман башчы, кандай жаман дос
إِنَّ اللَّهَ يُدْخِلُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يُرِيدُ
Аллаһ Өзүнө (ыклас менен) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган момундарды албетте, түбүнөн дарыялар аккан Бейиш бактарына киргизет. Чынында, Аллаһ каалаган нерсесин жасайт

Choose other languages: