Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #16 Translated in Kyrgyz

يَدْعُو مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُ وَمَا لَا يَنْفَعُهُ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الضَّلَالُ الْبَعِيدُ
(Аллаһка ыклас менен ыйман келтирбеген адам) Аллаһтан башка пайда да, зыян да бере албай турган «кудайларга» дуба кылышат. Бул абдан катуу адашуу
يَدْعُو لَمَنْ ضَرُّهُ أَقْرَبُ مِنْ نَفْعِهِ ۚ لَبِئْسَ الْمَوْلَىٰ وَلَبِئْسَ الْعَشِيرُ
Алар пайдасынан зыяны көбүрөөк «кудайларга» дуба кылышат.! (Ал «кудайлар») Кандай жаман башчы, кандай жаман дос
إِنَّ اللَّهَ يُدْخِلُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يُرِيدُ
Аллаһ Өзүнө (ыклас менен) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган момундарды албетте, түбүнөн дарыялар аккан Бейиш бактарына киргизет. Чынында, Аллаһ каалаган нерсесин жасайт
مَنْ كَانَ يَظُنُّ أَنْ لَنْ يَنْصُرَهُ اللَّهُ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ فَلْيَمْدُدْ بِسَبَبٍ إِلَى السَّمَاءِ ثُمَّ لْيَقْطَعْ فَلْيَنْظُرْ هَلْ يُذْهِبَنَّ كَيْدُهُ مَا يَغِيظُ
Кимде-ким Аллаһ ага (пайгамбарына) дүйнө-акыретте жардам бере албайт деп ойлосо, бир себеп менен асманга көтөрүлсүн дагы кийин, (Аллаһтын жардамын) кесип таштасын (эгер колунан келсе).! Анан карасын: өзүнүн бул айла-амалдары анын көралбастыгын кетире алар бекен
وَكَذَٰلِكَ أَنْزَلْنَاهُ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ وَأَنَّ اللَّهَ يَهْدِي مَنْ يُرِيدُ
Биз аны (Кураанды) мына ушинтип анык аяттар түрүндө түшүрдүк. Аллаһ (аны менен) Өзү каалаган адамдарды Туура Жолго баштайт

Choose other languages: