Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hadid Ayahs #12 Translated in Kyrgyz

وَمَا لَكُمْ لَا تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ ۙ وَالرَّسُولُ يَدْعُوكُمْ لِتُؤْمِنُوا بِرَبِّكُمْ وَقَدْ أَخَذَ مِيثَاقَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Силерге не болгон, пайгамбар Раббиңерге ыйман келтирүүгө чакырып турса да, Аллаһка ыйман келтирбей жатасыңар?! Эгер ыймандуу болсоңор, ал убадаңарды алган эле го
هُوَ الَّذِي يُنَزِّلُ عَلَىٰ عَبْدِهِ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ لِيُخْرِجَكُمْ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ ۚ وَإِنَّ اللَّهَ بِكُمْ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ
Алсилерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн пендесине (Мухаммадга) анык аяттарды түшүрдү. Аллаһ силерге өтө Ырайымдуу, Мээримдүү
وَمَا لَكُمْ أَلَّا تُنْفِقُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلِلَّهِ مِيرَاثُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ لَا يَسْتَوِي مِنْكُمْ مَنْ أَنْفَقَ مِنْ قَبْلِ الْفَتْحِ وَقَاتَلَ ۚ أُولَٰئِكَ أَعْظَمُ دَرَجَةً مِنَ الَّذِينَ أَنْفَقُوا مِنْ بَعْدُ وَقَاتَلُوا ۚ وَكُلًّا وَعَدَ اللَّهُ الْحُسْنَىٰ ۚ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
Силерге не болду, Аллаһ жолунда садака кылбайсыңар?! Акыры, асмандар жана жер мурасы Аллаһка таандык го! Силердин эч кимиңер «Фатхтан»! мурун садака кылгандарга жана согушкандарга теңеле албайт. Алардын даражасы (фатхтан) кийин садака кылып, согушкандардан алда канча жогору. Ошентсе да, Аллаһ бардыгына сооп-сыйлык (Бейиш) убада кылган. Аллаһ ишиңерден Кабардар
مَنْ ذَا الَّذِي يُقْرِضُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا فَيُضَاعِفَهُ لَهُ وَلَهُ أَجْرٌ كَرِيمٌ
Ким Аллаһка (өзүнүн адал мүлкүнөн) жакшынакай карыз берсе, ага ашыкчасы менен кайтарат жана ага улук сооп (Бейиш) бар
يَوْمَ تَرَى الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ يَسْعَىٰ نُورُهُمْ بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَبِأَيْمَانِهِمْ بُشْرَاكُمُ الْيَوْمَ جَنَّاتٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
Сен ал (Кыямат) күнү, ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын алдыларынан жана оң капталдарынан (ыйман) нурлары жарытып баратканын көрөсүң. (Ошондо аларга «Эй, момундар!) Силерге бул күндөгү куш кабар: астынан дарыялар аккан бейиштер! Анда түбөлүк каласыңар! Бул — улук жеңиш!» (деп айтылат)

Choose other languages: