Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #220 Translated in Kyrgyz

كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِتَالُ وَهُوَ كُرْهٌ لَكُمْ ۖ وَعَسَىٰ أَنْ تَكْرَهُوا شَيْئًا وَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ ۖ وَعَسَىٰ أَنْ تُحِبُّوا شَيْئًا وَهُوَ شَرٌّ لَكُمْ ۗ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ
Силер үчүн жагымсыз болгонуна карабай силерге согуш парыз кылынды. Анткени, (кээ бир учурда) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында, ал силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Анткени, силер билбейсиңер, Аллаһ билет
يَسْأَلُونَكَ عَنِ الشَّهْرِ الْحَرَامِ قِتَالٍ فِيهِ ۖ قُلْ قِتَالٌ فِيهِ كَبِيرٌ ۖ وَصَدٌّ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَكُفْرٌ بِهِ وَالْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَإِخْرَاجُ أَهْلِهِ مِنْهُ أَكْبَرُ عِنْدَ اللَّهِ ۚ وَالْفِتْنَةُ أَكْبَرُ مِنَ الْقَتْلِ ۗ وَلَا يَزَالُونَ يُقَاتِلُونَكُمْ حَتَّىٰ يَرُدُّوكُمْ عَنْ دِينِكُمْ إِنِ اسْتَطَاعُوا ۚ وَمَنْ يَرْتَدِدْ مِنْكُمْ عَنْ دِينِهِ فَيَمُتْ وَهُوَ كَافِرٌ فَأُولَٰئِكَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ ۖ وَأُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Сенден “шахрул-харам” айларында согушуу жөнүндө сурашат.! Айткын: “Бул айларда согушуу оор күнөө. А бирок, (мушриктердин мусулмандарды) Аллаһтын жолунан, “Масжид-ал-Харамдан” тосуулары, Ага (Аллаһка) каапыр болуулары, жана анын (Масжид аль-Харамдын) жашоочуларын андан чыгарып жиберүүлөрү Аллаһтын алдында (шахрул-харамда согуш кылуудан) чоңураак (күнөө). Фитна (Аллаһтын Жолунан тосуу) адам өлтүрүүдөн чоңураак (күнөө)! Алар эгер колунан келсе, силерди диниңерден кайтарып жибергенге чейин, силерге каршы согушун уланта беришет. Эми, кимиңер дининен кайтып, каапыр бойдон өлсө, Дүйнө-Акыреттеги жакшы амалдарынын бардыгы күйүп кетет жана алар Тозок ээлеринен болуп, анда түбөлүк калышат
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَالَّذِينَ هَاجَرُوا وَجَاهَدُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ أُولَٰئِكَ يَرْجُونَ رَحْمَتَ اللَّهِ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Ал эми, ыйман келтирген, (динин жогору кылуу үчүн өз) журтунан хижрат кылган жана Аллаһ жолунда жихад кылган адамдар, мына ошолор Аллаһтын ырайымынан үмүт кылышат. Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү
يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ ۖ قُلْ فِيهِمَا إِثْمٌ كَبِيرٌ وَمَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَإِثْمُهُمَا أَكْبَرُ مِنْ نَفْعِهِمَا ۗ وَيَسْأَلُونَكَ مَاذَا يُنْفِقُونَ قُلِ الْعَفْوَ ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَتَفَكَّرُونَ
Сенден “хамр” (арак) жана “майсир” (кумар) жөнүндө сурашат.! Айткын: “Ал экөөндө чоң күнөө жана адамдарга (дүйнөлүк) пайдалар бар. Бирок, күнөөсү пайдасынан чоңураак. «Сенден “Эмнени садака кылсак экен?”- деп сурашат. “(Өзүңөрдөн) артканын” - деп жооп бер». Аллаһ силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Кана эми, пикир кылсаңар
فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ ۗ وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْيَتَامَىٰ ۖ قُلْ إِصْلَاحٌ لَهُمْ خَيْرٌ ۖ وَإِنْ تُخَالِطُوهُمْ فَإِخْوَانُكُمْ ۚ وَاللَّهُ يَعْلَمُ الْمُفْسِدَ مِنَ الْمُصْلِحِ ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَأَعْنَتَكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
(Кана эми,) Дүйнө жана Акырет жөнүндө (пикир кылсаңар!). Сенден жетимдер жөнүндө сурашат. Айткын: “ Жетимдерди(н абалын) оңдоо — жакшы. Эгер жетимдерге (мүлктө шериктештик боюнча) аралашсаңар — алар силердин өз бурадарыңар. Аллаһ кимдин бузуку, кимдин оңдоочу экенин билет. Эгер Аллаһ кааласа, силерге оор кылып коймок. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

Choose other languages: