Surah Al-Baqara Ayahs #223 Translated in Kyrgyz
يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ ۖ قُلْ فِيهِمَا إِثْمٌ كَبِيرٌ وَمَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَإِثْمُهُمَا أَكْبَرُ مِنْ نَفْعِهِمَا ۗ وَيَسْأَلُونَكَ مَاذَا يُنْفِقُونَ قُلِ الْعَفْوَ ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَتَفَكَّرُونَ
Сенден “хамр” (арак) жана “майсир” (кумар) жөнүндө сурашат.! Айткын: “Ал экөөндө чоң күнөө жана адамдарга (дүйнөлүк) пайдалар бар. Бирок, күнөөсү пайдасынан чоңураак. «Сенден “Эмнени садака кылсак экен?”- деп сурашат. “(Өзүңөрдөн) артканын” - деп жооп бер». Аллаһ силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Кана эми, пикир кылсаңар
فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ ۗ وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْيَتَامَىٰ ۖ قُلْ إِصْلَاحٌ لَهُمْ خَيْرٌ ۖ وَإِنْ تُخَالِطُوهُمْ فَإِخْوَانُكُمْ ۚ وَاللَّهُ يَعْلَمُ الْمُفْسِدَ مِنَ الْمُصْلِحِ ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَأَعْنَتَكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
(Кана эми,) Дүйнө жана Акырет жөнүндө (пикир кылсаңар!). Сенден жетимдер жөнүндө сурашат. Айткын: “ Жетимдерди(н абалын) оңдоо — жакшы. Эгер жетимдерге (мүлктө шериктештик боюнча) аралашсаңар — алар силердин өз бурадарыңар. Аллаһ кимдин бузуку, кимдин оңдоочу экенин билет. Эгер Аллаһ кааласа, силерге оор кылып коймок. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман
وَلَا تَنْكِحُوا الْمُشْرِكَاتِ حَتَّىٰ يُؤْمِنَّ ۚ وَلَأَمَةٌ مُؤْمِنَةٌ خَيْرٌ مِنْ مُشْرِكَةٍ وَلَوْ أَعْجَبَتْكُمْ ۗ وَلَا تُنْكِحُوا الْمُشْرِكِينَ حَتَّىٰ يُؤْمِنُوا ۚ وَلَعَبْدٌ مُؤْمِنٌ خَيْرٌ مِنْ مُشْرِكٍ وَلَوْ أَعْجَبَكُمْ ۗ أُولَٰئِكَ يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ ۖ وَاللَّهُ يَدْعُو إِلَى الْجَنَّةِ وَالْمَغْفِرَةِ بِإِذْنِهِ ۖ وَيُبَيِّنُ آيَاتِهِ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Силер мушрик аялдарга алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. (Анткени,) күң (болсо да) ыймандуу аял мушрик (сулуу, азат жана бай) аялдан артык! Эгер ал (мушрик аял) силердин купулуңарга толуп турса да. Ошондой эле, (өзүңөргө караштуу кыз-жубандарды) мушрик эркектерге — алар ыйманга келмейинче — никелеп бербегиле. (Анткени,) кул болсо да ыймандуу эркек мушрик эркектен, артык! Эгер ал (мушрик) силерге жагып турса да. (Себеби) Алар (мушриктер сөзү, пейили жана абал-көрүнүшү менен силерди) Тозокко чакырышат. Аллаһ болсо, Өз каалоосу менен Бейишке жана кечирим берүүгө чакырат. Жана аяттарын адамдарга (ушинтип) баяндайт. Кана эле, алар Аллаһты эстешсе
وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْمَحِيضِ ۖ قُلْ هُوَ أَذًى فَاعْتَزِلُوا النِّسَاءَ فِي الْمَحِيضِ ۖ وَلَا تَقْرَبُوهُنَّ حَتَّىٰ يَطْهُرْنَ ۖ فَإِذَا تَطَهَّرْنَ فَأْتُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ أَمَرَكُمُ اللَّهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ
Сенден айыз (каны) жөнүндө сурашат. Айткын: “Ал жагымсыз нерсе”. Демек, айыз убактысында аялдарга кошулбагыла. Жана таза болмоюнча аларга жакындабагыла.! Ал эми, алар таза болгондо, аларга Аллаһ буюрган тараптан келе бергиле. Аллаһ тооба кылуучуларды жана таза-пакиза адамдарды сүйөт
نِسَاؤُكُمْ حَرْثٌ لَكُمْ فَأْتُوا حَرْثَكُمْ أَنَّىٰ شِئْتُمْ ۖ وَقَدِّمُوا لِأَنْفُسِكُمْ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَاعْلَمُوا أَنَّكُمْ مُلَاقُوهُ ۗ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ
Аялдарыңар силердин эгин талааңар. Өзүңөрдүн эгин талааңарга каалаган тарабыңардан келе бергиле.? Жана өзүңөр үчүн (жакшы ниетти) алдыга койгула. Аллаһтан корккула жана билгиле, силер Ага (Кыяматта) жолугасыңар. Жана момундарга (Бейишти) сүйүнчүлө
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
