Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #214 Translated in Kyrgyz

هَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا أَنْ يَأْتِيَهُمُ اللَّهُ فِي ظُلَلٍ مِنَ الْغَمَامِ وَالْمَلَائِكَةُ وَقُضِيَ الْأَمْرُ ۚ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
Алар (жер бетинде бузукулукту тараткандар менен шайтанга ээрчигендер, Кыяматта) Аллаһ жана периштелер булуттардын көлөкөсүндө келишинен (жана аларга адилеттүүлүк менен өкүм кылып, жаза беришинен) башканы күтүшпөйт. Анан иш бүтөт жана бардык иштер Аллаһка кайтарылат
سَلْ بَنِي إِسْرَائِيلَ كَمْ آتَيْنَاهُمْ مِنْ آيَةٍ بَيِّنَةٍ ۗ وَمَنْ يُبَدِّلْ نِعْمَةَ اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُ فَإِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
(О, Мухаммад,) Исрайил урпактарынан сурачы, Биз аларга (чындыкты далилдеген) анык аян-белгилерден канчасын бердик экен? Өзүнө келген Аллаһтын нээматын кайсы (акылсыз) адам алмаштырат? Албетте, Аллаһ -азабы катуу Зат
زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا وَيَسْخَرُونَ مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا ۘ وَالَّذِينَ اتَّقَوْا فَوْقَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ وَاللَّهُ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Каапыр адамдарга (ушул) дүйнөнүн жашоосу кооз көргөзүлдү. Алар ыймандуу адамдарды мыскылдашат. Такыба адамдар Кыяматта алардан жогору (даражаларда) болушат. Аллаһ каалаган пенделерине эсепсиз ырыскы берет
كَانَ النَّاسُ أُمَّةً وَاحِدَةً فَبَعَثَ اللَّهُ النَّبِيِّينَ مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ وَأَنْزَلَ مَعَهُمُ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِيَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ فِيمَا اخْتَلَفُوا فِيهِ ۚ وَمَا اخْتَلَفَ فِيهِ إِلَّا الَّذِينَ أُوتُوهُ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُمُ الْبَيِّنَاتُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ ۖ فَهَدَى اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا لِمَا اخْتَلَفُوا فِيهِ مِنَ الْحَقِّ بِإِذْنِهِ ۗ وَاللَّهُ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Адамдар (мурда) бир (динди гана кармаган) үммөт болгон.! Анан Аллаһ, (Бейиштен) сүйүнчүлүү кабар берүүчү жана (Тозоктон) эскертүүчү пайгамбарларды жиберип, адамдар арасындагы талашкан нерседе (динде) өкүм кылуу үчүн аларга (Аллаһка гана сыйынуу жөнүндөгү) чындыкты камтыган китепти (Тоорат менен Инжилди) түшүрдү. Аны алган элдер, ал (дин) жөнүндө, өздөрүнө анык чындыктар келгенден кийин деле, (ага моюн сунбай) өз ара кыянаттык менен талаша башташты. Анан Аллаһ алар талашып жаткан чындыкка ыйман келтирген адамдарды Өз каалоосу менен Туура Жолго баштады. Аллаһ Өзү каалаган адамдарды туура жолго баштайт
أَمْ حَسِبْتُمْ أَنْ تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُمْ مَثَلُ الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلِكُمْ ۖ مَسَّتْهُمُ الْبَأْسَاءُ وَالضَّرَّاءُ وَزُلْزِلُوا حَتَّىٰ يَقُولَ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ مَتَىٰ نَصْرُ اللَّهِ ۗ أَلَا إِنَّ نَصْرَ اللَّهِ قَرِيبٌ
(О, момундар!) Силерге мурунку элдердин (машакаты жөнүндөгү) мисалдары келбей туруп, Бейишке киребиз деп ойлодуңарбы. Аларга жакырлык, ар түрдүү ооруулар жеткен жана кооп-коркунучтарга кабылтылган. Жадагалса, пайгамбар(дын өзү) жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдар: “Аллаһтын жардамы качан келээр экен!” деп какшап жиберишкен. Уккула, Аллаһтын жардамы жакын

Choose other languages: