Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #178 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الَّذِينَ يَكْتُمُونَ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ مِنَ الْكِتَابِ وَيَشْتَرُونَ بِهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۙ أُولَٰئِكَ مَا يَأْكُلُونَ فِي بُطُونِهِمْ إِلَّا النَّارَ وَلَا يُكَلِّمُهُمُ اللَّهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَلَا يُزَكِّيهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Аллаһ түшүргөн китепти (Тооратты, анын ичиндеги чындыкты) жаап-жашырган жана аны арзыбаган баага сата турган адамдар өз курсактарына оттон бөлөк нерсени жешпейт. Аллаһ Кыямат күнү аларга сүйлөбөйт жана аларды (жаман пейилдеринен) тазартпайт. Аларга кыйноочу азап бар
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوُا الضَّلَالَةَ بِالْهُدَىٰ وَالْعَذَابَ بِالْمَغْفِرَةِ ۚ فَمَا أَصْبَرَهُمْ عَلَى النَّارِ
Алар адашууну хидаят (туура жол) ордуна, азапты кечирим ордуна сатып алган адамдар. Алар Тозок отуна мынча сабырдуу
ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ نَزَّلَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ ۗ وَإِنَّ الَّذِينَ اخْتَلَفُوا فِي الْكِتَابِ لَفِي شِقَاقٍ بَعِيدٍ
Бул - Аллаһ китепти чындык менен түшүргөнү (бирок, алар ошол чындыкты жашыргандары) себептүү. Аллаһтын китеби (Тоорат) жөнүндө (бир өкүмүнө ишенип, экинчисине ишенбей) ар түрдүү (пикирде) болуп жаткан адамдар (чындыктан) алыс бөлүнүп-жарылууда калышат
لَيْسَ الْبِرَّ أَنْ تُوَلُّوا وُجُوهَكُمْ قِبَلَ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ وَلَٰكِنَّ الْبِرَّ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَالْمَلَائِكَةِ وَالْكِتَابِ وَالنَّبِيِّينَ وَآتَى الْمَالَ عَلَىٰ حُبِّهِ ذَوِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينَ وَابْنَ السَّبِيلِ وَالسَّائِلِينَ وَفِي الرِّقَابِ وَأَقَامَ الصَّلَاةَ وَآتَى الزَّكَاةَ وَالْمُوفُونَ بِعَهْدِهِمْ إِذَا عَاهَدُوا ۖ وَالصَّابِرِينَ فِي الْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ وَحِينَ الْبَأْسِ ۗ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ صَدَقُوا ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُتَّقُونَ
Жакшылык жүзүңөрдү Чыгыш жана Батышка бурушуңар эмес. Бирок, жакшылык — Аллаһка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенген, өзү жакшы көргөн мал-дүйнөсүн тууган-уруктарга, жетимдерге, жакырларга, мусапырларга, (муктаж болуп) сурагандарга, өз башын азат кылууну каалаган кулдарга садака кылган, намазды толук аткарган, зекетти төлөгөн, убадалашканда өз убадасында бекем турган жана кембагалдык, оору-сыркоо жана согуш убакыттарында сабырдуу болгон адамдар(дын ыймандуу пейилдери).! Мына ушулар (өз ыймандарында) чынчыл жана ушулар гана такыба кишилер
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِصَاصُ فِي الْقَتْلَى ۖ الْحُرُّ بِالْحُرِّ وَالْعَبْدُ بِالْعَبْدِ وَالْأُنْثَىٰ بِالْأُنْثَىٰ ۚ فَمَنْ عُفِيَ لَهُ مِنْ أَخِيهِ شَيْءٌ فَاتِّبَاعٌ بِالْمَعْرُوفِ وَأَدَاءٌ إِلَيْهِ بِإِحْسَانٍ ۗ ذَٰلِكَ تَخْفِيفٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَرَحْمَةٌ ۗ فَمَنِ اعْتَدَىٰ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَلَهُ عَذَابٌ أَلِيمٌ
О, момундар! Өлтүрүлгөндөр үчүн өч алуу силерге парыз кылынды: азат адамга азат адам, кулга кул, аялга аял (өлтүрүлөт). Ал эми, кимге (өлгөн) бурадары(нын жакындары) тарабынан кечирим берилсе, анда жакшылык менен моюн сунуу жана ага жакшынакай кылып төлөп берүү (парыз). Бул — силерге Раббиңер тарабынан берилген жеңилдик жана ырайым. Ким ушундан соң чектен чыкса, ага жан кыйноочу азап бар

Choose other languages: