Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #20 Translated in Kyrgyz

أُولَٰئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوُا الضَّلَالَةَ بِالْهُدَىٰ فَمَا رَبِحَتْ تِجَارَتُهُمْ وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينَ
Алар- Туура Жолдун ордуна адашууну сатып алгандар. (Бул) «соодалары» пайда бербеди жана Туура Жолго түшүүчү болушпады
مَثَلُهُمْ كَمَثَلِ الَّذِي اسْتَوْقَدَ نَارًا فَلَمَّا أَضَاءَتْ مَا حَوْلَهُ ذَهَبَ اللَّهُ بِنُورِهِمْ وَتَرَكَهُمْ فِي ظُلُمَاتٍ لَا يُبْصِرُونَ
Алардын мисалы бирөөдөн от сурап жаккан кишилер сыяктуу. От эми гана тегерегин жарытты эле, Аллаһ (капыстан) нурун кетирип, аларды караңгылыктарда, көрбөй турган абалда калтырды
صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَرْجِعُونَ
(Дагы алардын мисалы) дүлөй, дудук жана сокур (сыяктуу). Демек, (адашууларынан) эч кайтышпайт
أَوْ كَصَيِّبٍ مِنَ السَّمَاءِ فِيهِ ظُلُمَاتٌ وَرَعْدٌ وَبَرْقٌ يَجْعَلُونَ أَصَابِعَهُمْ فِي آذَانِهِمْ مِنَ الصَّوَاعِقِ حَذَرَ الْمَوْتِ ۚ وَاللَّهُ مُحِيطٌ بِالْكَافِرِينَ
Же болбосо караңгы, күркүрөктүү, чагылгандуу асмандан нөшөрлөгөн жамгырда калган кишилерге окшойт. Чагылган чартылдаганда өлүмдөн коркуп, манжаларын кулактарына тыгып алышат. Аллаһ каапырларды ороп алуучу
يَكَادُ الْبَرْقُ يَخْطَفُ أَبْصَارَهُمْ ۖ كُلَّمَا أَضَاءَ لَهُمْ مَشَوْا فِيهِ وَإِذَا أَظْلَمَ عَلَيْهِمْ قَامُوا ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَذَهَبَ بِسَمْعِهِمْ وَأَبْصَارِهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Чагылган көздөрүн сокур кыла жаздайт. Жарык тийген сайын (бир аз) жүрүп алышат, караңгы болгондо токтоп калышат. Эгер Аллаһ кааласа кулактарын жана көздөрүн (тап-такыр) жок кылып коймок. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү

Choose other languages: