Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #153 Translated in Kyrgyz

وَمِنْ حَيْثُ خَرَجْتَ فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ ۖ وَإِنَّهُ لَلْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ ۗ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ
Кай тараптан (сапарга) чыксаң да жүзүңдү “Аль-Харам” масжиди тарапка бур! Ал — Раббиң тарабынан болгон (айныгыс) Чындык! Аллаһ силердин ишиңерден кабарсыз эмес
وَمِنْ حَيْثُ خَرَجْتَ فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ ۚ وَحَيْثُ مَا كُنْتُمْ فَوَلُّوا وُجُوهَكُمْ شَطْرَهُ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَيْكُمْ حُجَّةٌ إِلَّا الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ فَلَا تَخْشَوْهُمْ وَاخْشَوْنِي وَلِأُتِمَّ نِعْمَتِي عَلَيْكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ
Кай тараптан чыксаң да, жүзүңдү “Аль-Харам” масжиди тарапка бур! Силер дагы (оо, момундар,) үстүңөрдөн адамдарга далил болуп калбаш үчүн, кай жерде болсоңор да жүзүңөрдү ал тарапка бургула! Ал эми, алардын арасынан заалым болуп бүткөн адамдар (далилге деле карабай, бузук сөздөрүн тарата беришет). Алардан коркпогула, Мен силерге нээматтарымды толук кылып берүүм үчүн жана Туура Жолго багыт алууңар үчүн Менден гана корккула!! Кийинки аяттарда Аллай Таала мусулмандарга берген нээматтарын эскертет
كَمَا أَرْسَلْنَا فِيكُمْ رَسُولًا مِنْكُمْ يَتْلُو عَلَيْكُمْ آيَاتِنَا وَيُزَكِّيكُمْ وَيُعَلِّمُكُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَيُعَلِّمُكُمْ مَا لَمْ تَكُونُوا تَعْلَمُونَ
Ошондой эле, Биз силерге өзүңөрдүн араңардан бир элчи-пайгамбар жибердик. Ал силерге (чындыкты жалгандан, таухидди ширктен ажыратып бере турган) жана силерди тазарта турган аяттарыбызды окуп берет. Жана ал силерге Китеп (Кураан) менен Даанышмандыкты (Сүннөттү), ошондой эле, силер билбеген (көп башка) нерселерди таалим берет
فَاذْكُرُونِي أَذْكُرْكُمْ وَاشْكُرُوا لِي وَلَا تَكْفُرُونِ
Мени эстегиле. Мен да силерди эстеймин. Жана (берген нээматтарым үчүн) Мага шүгүр кылгыла. Жана эч каапыр болбогула
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَعِينُوا بِالصَّبْرِ وَالصَّلَاةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ
О, момундар! (диний жана дүйнөлүк ишиңерде) сабыр жана намаз! менен кубаттангыла! Албетте, Аллаһ, сабырдуулар менен бирге

Choose other languages: