Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #156 Translated in Kyrgyz

فَاذْكُرُونِي أَذْكُرْكُمْ وَاشْكُرُوا لِي وَلَا تَكْفُرُونِ
Мени эстегиле. Мен да силерди эстеймин. Жана (берген нээматтарым үчүн) Мага шүгүр кылгыла. Жана эч каапыр болбогула
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَعِينُوا بِالصَّبْرِ وَالصَّلَاةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ
О, момундар! (диний жана дүйнөлүк ишиңерде) сабыр жана намаз! менен кубаттангыла! Албетте, Аллаһ, сабырдуулар менен бирге
وَلَا تَقُولُوا لِمَنْ يُقْتَلُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَمْوَاتٌ ۚ بَلْ أَحْيَاءٌ وَلَٰكِنْ لَا تَشْعُرُونَ
Силер Аллаһтын жолунда өлтүрүлгөн адамдарды “өлүктөр” деп айтпагыла! Андай эмес, алар тирүү! Бирок, силер муну сез-бейсиңер
وَلَنَبْلُوَنَّكُمْ بِشَيْءٍ مِنَ الْخَوْفِ وَالْجُوعِ وَنَقْصٍ مِنَ الْأَمْوَالِ وَالْأَنْفُسِ وَالثَّمَرَاتِ ۗ وَبَشِّرِ الصَّابِرِينَ
Албетте, Биз силерди коркуу, ачкачылык, мал-мүлктүн, жан-дененин жана мөмө-жемиштердин каатчылыгы сыяктуу нерселер менен сынайбыз. Сабыр кылуучуларга (Бейиштен) сүйүнүчтүү кабарды угуз
الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ
(Аллаһ Таала тарабынан) бир кырсык (бактысыздык) жеткенде: “Бардыгыбыз Аллаһтын мүлкү болобуз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз” деген адамдарга

Choose other languages: