Surah Al-Anaam Ayahs #92 Translated in Kyrgyz
ذَٰلِكَ هُدَى اللَّهِ يَهْدِي بِهِ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ ۚ وَلَوْ أَشْرَكُوا لَحَبِطَ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Ушул - Аллаһтын Туура Жолу. Пенделеринин арасынан Өзү каалаганын ага жолдойт. Эгер алар Аллаһка шерик кошчу болсо, (ким болушуна карабай) жасаган бардык (жакшы) иштери күйүп кетет
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ وَالْحُكْمَ وَالنُّبُوَّةَ ۚ فَإِنْ يَكْفُرْ بِهَا هَٰؤُلَاءِ فَقَدْ وَكَّلْنَا بِهَا قَوْمًا لَيْسُوا بِهَا بِكَافِرِينَ
Ошолор — Биз аларга Китепти, өкүмдү жана пайгамбарчылыкты берген адамдар. Эгер алар (мушриктер аяттарга) каапыр болушса, Биз аны каапыр болбой турган башка адамдарга тапшырабыз
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ هَدَى اللَّهُ ۖ فَبِهُدَاهُمُ اقْتَدِهْ ۗ قُلْ لَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ أَجْرًا ۖ إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرَىٰ لِلْعَالَمِينَ
Ошолор (жогоруда саналгандар) Аллаһ Туура Жолго баштаган пайгамбарлар. (О, Мухаммад!) Сен ошолордун гана жолуна ээрчигин. (Коомуңа Аллаһтын сөздөрүн окуп берип:) “Мен бул үчүн силерден акы сурабаймын. Булар ааламдар үчүн насааттан башка нерсе эмес” дегин
وَمَا قَدَرُوا اللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِ إِذْ قَالُوا مَا أَنْزَلَ اللَّهُ عَلَىٰ بَشَرٍ مِنْ شَيْءٍ ۗ قُلْ مَنْ أَنْزَلَ الْكِتَابَ الَّذِي جَاءَ بِهِ مُوسَىٰ نُورًا وَهُدًى لِلنَّاسِ ۖ تَجْعَلُونَهُ قَرَاطِيسَ تُبْدُونَهَا وَتُخْفُونَ كَثِيرًا ۖ وَعُلِّمْتُمْ مَا لَمْ تَعْلَمُوا أَنْتُمْ وَلَا آبَاؤُكُمْ ۖ قُلِ اللَّهُ ۖ ثُمَّ ذَرْهُمْ فِي خَوْضِهِمْ يَلْعَبُونَ
Алар (Макка мушриктери менен яхудийлер) Аллаһка туура баа бере албай, бир кезде: “Аллаһ адамзатка эч нерсе түшүргөн жок” - дешти. Айткын: “Муса адамдарга Туура Жол, Нур болушу үчүн алып келген, силер аны кагаздарга жазып алып, кээ бирөөлөрүн гана (элге) ашкере көргөзүп, көпчүлүк бөлүгүн жашырып койгон жана силер да, ата-бабаңар да билбеген нерселерди силерге үйрөткөн Китепти (Тооратты) ким түшүрдү эле?!” Айткын: “Аллаһ (түшүргөн)!” Кийин аларды адашуучулугунда тереңдеп, ойноп-күлгөн абалдарында таштап кой
وَهَٰذَا كِتَابٌ أَنْزَلْنَاهُ مُبَارَكٌ مُصَدِّقُ الَّذِي بَيْنَ يَدَيْهِ وَلِتُنْذِرَ أُمَّ الْقُرَىٰ وَمَنْ حَوْلَهَا ۚ وَالَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ يُؤْمِنُونَ بِهِ ۖ وَهُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ
Биз сага түшүргөн бул Китеп Ыйык- берекеттүү. Өзүнөн мурунку китептерди тастыктоочу жана шаарлардын энеси (Макка) менен анын тегерегинде! жашаган адамдарга насаат-эскертүү болуу үчүн (түшкөн). Акыретке ыйман келтирген адамдар, ага да ыйман келтиришет жана алар намаздарын сакташат (убактысында окушат)
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
