Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #91 Translated in Kyrgyz

وَمِنْ آبَائِهِمْ وَذُرِّيَّاتِهِمْ وَإِخْوَانِهِمْ ۖ وَاجْتَبَيْنَاهُمْ وَهَدَيْنَاهُمْ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Алардын аталарын, урпактарын жана ага-инилерин да (башка элдердин арасынан) тандап алып, Туура Жолго баштадык
ذَٰلِكَ هُدَى اللَّهِ يَهْدِي بِهِ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ ۚ وَلَوْ أَشْرَكُوا لَحَبِطَ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Ушул - Аллаһтын Туура Жолу. Пенделеринин арасынан Өзү каалаганын ага жолдойт. Эгер алар Аллаһка шерик кошчу болсо, (ким болушуна карабай) жасаган бардык (жакшы) иштери күйүп кетет
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ وَالْحُكْمَ وَالنُّبُوَّةَ ۚ فَإِنْ يَكْفُرْ بِهَا هَٰؤُلَاءِ فَقَدْ وَكَّلْنَا بِهَا قَوْمًا لَيْسُوا بِهَا بِكَافِرِينَ
Ошолор — Биз аларга Китепти, өкүмдү жана пайгамбарчылыкты берген адамдар. Эгер алар (мушриктер аяттарга) каапыр болушса, Биз аны каапыр болбой турган башка адамдарга тапшырабыз
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ هَدَى اللَّهُ ۖ فَبِهُدَاهُمُ اقْتَدِهْ ۗ قُلْ لَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ أَجْرًا ۖ إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرَىٰ لِلْعَالَمِينَ
Ошолор (жогоруда саналгандар) Аллаһ Туура Жолго баштаган пайгамбарлар. (О, Мухаммад!) Сен ошолордун гана жолуна ээрчигин. (Коомуңа Аллаһтын сөздөрүн окуп берип:) “Мен бул үчүн силерден акы сурабаймын. Булар ааламдар үчүн насааттан башка нерсе эмес” дегин
وَمَا قَدَرُوا اللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِ إِذْ قَالُوا مَا أَنْزَلَ اللَّهُ عَلَىٰ بَشَرٍ مِنْ شَيْءٍ ۗ قُلْ مَنْ أَنْزَلَ الْكِتَابَ الَّذِي جَاءَ بِهِ مُوسَىٰ نُورًا وَهُدًى لِلنَّاسِ ۖ تَجْعَلُونَهُ قَرَاطِيسَ تُبْدُونَهَا وَتُخْفُونَ كَثِيرًا ۖ وَعُلِّمْتُمْ مَا لَمْ تَعْلَمُوا أَنْتُمْ وَلَا آبَاؤُكُمْ ۖ قُلِ اللَّهُ ۖ ثُمَّ ذَرْهُمْ فِي خَوْضِهِمْ يَلْعَبُونَ
Алар (Макка мушриктери менен яхудийлер) Аллаһка туура баа бере албай, бир кезде: “Аллаһ адамзатка эч нерсе түшүргөн жок” - дешти. Айткын: “Муса адамдарга Туура Жол, Нур болушу үчүн алып келген, силер аны кагаздарга жазып алып, кээ бирөөлөрүн гана (элге) ашкере көргөзүп, көпчүлүк бөлүгүн жашырып койгон жана силер да, ата-бабаңар да билбеген нерселерди силерге үйрөткөн Китепти (Тооратты) ким түшүрдү эле?!” Айткын: “Аллаһ (түшүргөн)!” Кийин аларды адашуучулугунда тереңдеп, ойноп-күлгөн абалдарында таштап кой

Choose other languages: