Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #89 Translated in Kyrgyz

وَزَكَرِيَّا وَيَحْيَىٰ وَعِيسَىٰ وَإِلْيَاسَ ۖ كُلٌّ مِنَ الصَّالِحِينَ
Жана Закария, Яхя, Ыйса, Илясты (дагы Туура Жолго баштадык) бардыгы салих (жакшы, такыба) адамдардан
وَإِسْمَاعِيلَ وَالْيَسَعَ وَيُونُسَ وَلُوطًا ۚ وَكُلًّا فَضَّلْنَا عَلَى الْعَالَمِينَ
Жана Ысмайыл, Аль-Ясаь, Юнус, Лутту да (Туура Жолго багыттадык). Жана бардыгын ааламдардан абзел кылдык
وَمِنْ آبَائِهِمْ وَذُرِّيَّاتِهِمْ وَإِخْوَانِهِمْ ۖ وَاجْتَبَيْنَاهُمْ وَهَدَيْنَاهُمْ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Алардын аталарын, урпактарын жана ага-инилерин да (башка элдердин арасынан) тандап алып, Туура Жолго баштадык
ذَٰلِكَ هُدَى اللَّهِ يَهْدِي بِهِ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ ۚ وَلَوْ أَشْرَكُوا لَحَبِطَ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Ушул - Аллаһтын Туура Жолу. Пенделеринин арасынан Өзү каалаганын ага жолдойт. Эгер алар Аллаһка шерик кошчу болсо, (ким болушуна карабай) жасаган бардык (жакшы) иштери күйүп кетет
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ وَالْحُكْمَ وَالنُّبُوَّةَ ۚ فَإِنْ يَكْفُرْ بِهَا هَٰؤُلَاءِ فَقَدْ وَكَّلْنَا بِهَا قَوْمًا لَيْسُوا بِهَا بِكَافِرِينَ
Ошолор — Биз аларга Китепти, өкүмдү жана пайгамбарчылыкты берген адамдар. Эгер алар (мушриктер аяттарга) каапыр болушса, Биз аны каапыр болбой турган башка адамдарга тапшырабыз

Choose other languages: