Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #157 Translated in Kyrgyz

وَأَنَّ هَٰذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ ۖ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَنْ سَبِيلِهِ ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّاكُمْ بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ
Бул - Менин Туура Жолум! Ушуга гана ээрчигиле! (Буга каршы келген башка) жолдорго ээрчибегиле, силерди Анын жолунан адаштырып койот! Такыба болоорсуңар деп, (Аллаһ) силерге ушуларды буюрду
ثُمَّ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ تَمَامًا عَلَى الَّذِي أَحْسَنَ وَتَفْصِيلًا لِكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً لَعَلَّهُمْ بِلِقَاءِ رَبِّهِمْ يُؤْمِنُونَ
Жана (бир кездерде) Биз жакшылык кылгандарга (нээмат) кемчилдиксиз болушу, бардык нерселерге Баяндама болушу жана Ырайым-Туура Жол болушу үчүн Мусага китепти (Тооратты) бердик. Раббисине жолугууга ыйман келтиришсе ажеп эмес
وَهَٰذَا كِتَابٌ أَنْزَلْنَاهُ مُبَارَكٌ فَاتَّبِعُوهُ وَاتَّقُوا لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ
Биз сага бул Китепти (Кураанды) куттуу кылып түшүрдүк. Ушуга ээрчигиле жана (Аллаһтан) корккула! Ажеп эмес ырайымына арзып калсаңар
أَنْ تَقُولُوا إِنَّمَا أُنْزِلَ الْكِتَابُ عَلَىٰ طَائِفَتَيْنِ مِنْ قَبْلِنَا وَإِنْ كُنَّا عَنْ دِرَاسَتِهِمْ لَغَافِلِينَ
Силер (о, мусулмандар!): “Бизден мурунку эки тайпага (яхудийлер менен христиандарга) китеп түшкөн. Биз болсо, алардын сабактарын билбейбиз” дебешиңер үчүн
أَوْ تَقُولُوا لَوْ أَنَّا أُنْزِلَ عَلَيْنَا الْكِتَابُ لَكُنَّا أَهْدَىٰ مِنْهُمْ ۚ فَقَدْ جَاءَكُمْ بَيِّنَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ ۚ فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ كَذَّبَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَصَدَفَ عَنْهَا ۗ سَنَجْزِي الَّذِينَ يَصْدِفُونَ عَنْ آيَاتِنَا سُوءَ الْعَذَابِ بِمَا كَانُوا يَصْدِفُونَ
Же болбосо, “Эгер бизге да китеп түшчү болсо, сөзсүз аларга караганда Туура Жол табуучураак болмокпуз” деп айта албашыңар үчүн силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер, Туура Жол жана Ырайым (болгон Кураан) келди. Эми, Аллаһтын аяттарын “жалган” деп, андан баш тарткан адамдан заалымыраак ким бар?! Биз жакында аяттарыбыздан жүз бурган адамдарды баш тарткандыгы үчүн жаман азап менен азаптайбыз

Choose other languages: