Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #18 Translated in Kyrgyz

قُلْ أَغَيْرَ اللَّهِ أَتَّخِذُ وَلِيًّا فَاطِرِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَهُوَ يُطْعِمُ وَلَا يُطْعَمُ ۗ قُلْ إِنِّي أُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ أَوَّلَ مَنْ أَسْلَمَ ۖ وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Айткын: “Аллаһтан башканы жардамчы кылмак белем?! Ал асмандар жана Жердин Жаратуучусу. Ал Өзү тамакка муктаж болбой, (бардык жан-жаныбарды) тамактандырат”. Айткын: “Мен (Аллаһтын жалгыз Өзүнө) моюн сунгандардын эң алдыңкысы болууга буюрулдум” (Жана мага) “Эч качан мушриктерден болбогун!” (деп айтылды)
قُلْ إِنِّي أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّي عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ
Айткын: “Эгер мен (ширк келтирүү менен) Раббиме күнөөкөр болсом, Улук Күндүн азабынан коркомун”
مَنْ يُصْرَفْ عَنْهُ يَوْمَئِذٍ فَقَدْ رَحِمَهُ ۚ وَذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْمُبِينُ
Ошол Күндө кимден азап четтетилген болсо, демек ага Аллаһ ырайым кылыптыр. Жана бул — анык жеңиш
وَإِنْ يَمْسَسْكَ اللَّهُ بِضُرٍّ فَلَا كَاشِفَ لَهُ إِلَّا هُوَ ۖ وَإِنْ يَمْسَسْكَ بِخَيْرٍ فَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Эгерде Аллаһ сени (кембагалдык, оору, кайгы ж.б.у.с.) зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. Ал эми, эгер бир жакшылык менен кармаса. Ал ар бир нерсеге Кудуреттүү
وَهُوَ الْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِهِ ۚ وَهُوَ الْحَكِيمُ الْخَبِيرُ
Жана Ал пенделердин үстүнөн өкүмүн жүргүзүүчү. Жана ал - Даанышман, (бардыгынан) Кабардар

Choose other languages: