Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

قُلْ إِنِّي أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّي عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ
Айткын: “Эгер мен (ширк келтирүү менен) Раббиме күнөөкөр болсом, Улук Күндүн азабынан коркомун”
مَنْ يُصْرَفْ عَنْهُ يَوْمَئِذٍ فَقَدْ رَحِمَهُ ۚ وَذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْمُبِينُ
Ошол Күндө кимден азап четтетилген болсо, демек ага Аллаһ ырайым кылыптыр. Жана бул — анык жеңиш
وَإِنْ يَمْسَسْكَ اللَّهُ بِضُرٍّ فَلَا كَاشِفَ لَهُ إِلَّا هُوَ ۖ وَإِنْ يَمْسَسْكَ بِخَيْرٍ فَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Эгерде Аллаһ сени (кембагалдык, оору, кайгы ж.б.у.с.) зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. Ал эми, эгер бир жакшылык менен кармаса. Ал ар бир нерсеге Кудуреттүү
وَهُوَ الْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِهِ ۚ وَهُوَ الْحَكِيمُ الْخَبِيرُ
Жана Ал пенделердин үстүнөн өкүмүн жүргүзүүчү. Жана ал - Даанышман, (бардыгынан) Кабардар
قُلْ أَيُّ شَيْءٍ أَكْبَرُ شَهَادَةً ۖ قُلِ اللَّهُ ۖ شَهِيدٌ بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ ۚ وَأُوحِيَ إِلَيَّ هَٰذَا الْقُرْآنُ لِأُنْذِرَكُمْ بِهِ وَمَنْ بَلَغَ ۚ أَئِنَّكُمْ لَتَشْهَدُونَ أَنَّ مَعَ اللَّهِ آلِهَةً أُخْرَىٰ ۚ قُلْ لَا أَشْهَدُ ۚ قُلْ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ وَإِنَّنِي بَرِيءٌ مِمَّا تُشْرِكُونَ
Айткын: “(Менин чынчылдыгыма) эң чоң күбө кайсы?” Айт: “Аллаһ! Ал мени менен силердин араңарда Күбө жана мага мына бул Кураан вахий (илахий кабар) түрүндө берилди, силерди жана ал жетип барган баардык адамдарды эскертишим үчүн». (О, илахий кабардан жүз бургандар!) Силер: “Аллаһ менен бирге башка кудайлар бар” - деп күбөлүк бересиңерби?!” Айткын: “Мен (андай) күбөлүк бербеймин!” Айткын: “Албетте Ал - жалгыз (сыйынууга татыктуу) Кудай! А, мен болсо, силердин ширк амалыңардан тазамын!”

Choose other languages: