Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Ahqaf Ayahs #9 Translated in Kyrgyz

وَمَنْ أَضَلُّ مِمَّنْ يَدْعُو مِنْ دُونِ اللَّهِ مَنْ لَا يَسْتَجِيبُ لَهُ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ وَهُمْ عَنْ دُعَائِهِمْ غَافِلُونَ
Аллаһтан башка, Кыяматка чейин дуба-суранычына жооп бербей турган «кудайларга» дуба кылган адамдан көбүрөөк адашкан ким бар?! Булардын дубаларын алар (кудайлары) тап-такыр укпайт
وَإِذَا حُشِرَ النَّاسُ كَانُوا لَهُمْ أَعْدَاءً وَكَانُوا بِعِبَادَتِهِمْ كَافِرِينَ
Ал эми, качан (Кыямат болуп) адамдар (сот-сурак үчүн) чогулганда (сыйынган «кудайлары») өздөрүнө душман чыгып, алардын (өздөрүнө) сыйынганын танып кетишет
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُمْ هَٰذَا سِحْرٌ مُبِينٌ
Аларга (мушриктерге) Биздин анык аяттарыбыз окуп берилгенде, Акыйкатка каапыр болушкан. (Ошол) каапырлар өздөрүнө Акыйкат (Кураан) келгенде болсо, «Бул анык сыйкыр» дешти
أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ ۖ قُلْ إِنِ افْتَرَيْتُهُ فَلَا تَمْلِكُونَ لِي مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ۖ هُوَ أَعْلَمُ بِمَا تُفِيضُونَ فِيهِ ۖ كَفَىٰ بِهِ شَهِيدًا بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ ۖ وَهُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
Же «Аны (Кураанды Мухаммад) ойлоп чыгарган» дешеби? Айткын: «Эгер ойлоп чыгарган болсом (Аллаһ мени жазаламак) анан силер мага Аллаһтан (келген) эч нерсени (пайда жана зыянды) тосууга алыңар жетмек эмес. Силер ал (Кураан) жөнүндө аша чаап (жалган) сүйлөгөнүңөрдү Ал (Аллаһ) жакшы билет. Силер менен ортобузда күбө болуу үчүн Анын Өзү жетиштүү! Ал Кечиримдүү, Боорукер
قُلْ مَا كُنْتُ بِدْعًا مِنَ الرُّسُلِ وَمَا أَدْرِي مَا يُفْعَلُ بِي وَلَا بِكُمْ ۖ إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰ إِلَيَّ وَمَا أَنَا إِلَّا نَذِيرٌ مُبِينٌ
Айткын: «Мен пайгамбарлардын жаңысы (биринчиси) эмесмин. Жана не өзүмө, не силерге (келечекте) эмне иш болоорун билбеймин. Мен өзүмө (Аллаһ тарабынан) вахий кылынган нерселерге гана ээрчиймин. Мен болгону (силерге) анык эскертүүчүмүн

Choose other languages: