Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Ahqaf Ayahs #10 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا حُشِرَ النَّاسُ كَانُوا لَهُمْ أَعْدَاءً وَكَانُوا بِعِبَادَتِهِمْ كَافِرِينَ
Ал эми, качан (Кыямат болуп) адамдар (сот-сурак үчүн) чогулганда (сыйынган «кудайлары») өздөрүнө душман чыгып, алардын (өздөрүнө) сыйынганын танып кетишет
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُمْ هَٰذَا سِحْرٌ مُبِينٌ
Аларга (мушриктерге) Биздин анык аяттарыбыз окуп берилгенде, Акыйкатка каапыр болушкан. (Ошол) каапырлар өздөрүнө Акыйкат (Кураан) келгенде болсо, «Бул анык сыйкыр» дешти
أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ ۖ قُلْ إِنِ افْتَرَيْتُهُ فَلَا تَمْلِكُونَ لِي مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ۖ هُوَ أَعْلَمُ بِمَا تُفِيضُونَ فِيهِ ۖ كَفَىٰ بِهِ شَهِيدًا بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ ۖ وَهُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
Же «Аны (Кураанды Мухаммад) ойлоп чыгарган» дешеби? Айткын: «Эгер ойлоп чыгарган болсом (Аллаһ мени жазаламак) анан силер мага Аллаһтан (келген) эч нерсени (пайда жана зыянды) тосууга алыңар жетмек эмес. Силер ал (Кураан) жөнүндө аша чаап (жалган) сүйлөгөнүңөрдү Ал (Аллаһ) жакшы билет. Силер менен ортобузда күбө болуу үчүн Анын Өзү жетиштүү! Ал Кечиримдүү, Боорукер
قُلْ مَا كُنْتُ بِدْعًا مِنَ الرُّسُلِ وَمَا أَدْرِي مَا يُفْعَلُ بِي وَلَا بِكُمْ ۖ إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰ إِلَيَّ وَمَا أَنَا إِلَّا نَذِيرٌ مُبِينٌ
Айткын: «Мен пайгамбарлардын жаңысы (биринчиси) эмесмин. Жана не өзүмө, не силерге (келечекте) эмне иш болоорун билбеймин. Мен өзүмө (Аллаһ тарабынан) вахий кылынган нерселерге гана ээрчиймин. Мен болгону (силерге) анык эскертүүчүмүн
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ كَانَ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ وَكَفَرْتُمْ بِهِ وَشَهِدَ شَاهِدٌ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَىٰ مِثْلِهِ فَآمَنَ وَاسْتَكْبَرْتُمْ ۖ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Айткын: «Мага айткылачы, эгерде (Кураан) Аллаһтан болсо жана силер ага каапыр болсоңор... жана Исрайил урпактарынан болгон бир күбө! дагы анын чындыгына? (мен ал жөнүндө Тоораттан окугам» деп) күбөлүк берип, ыйман келтирсе, а силер дагы эле текеберленсеңер... Аллаһ заалым коомдорду Туура Жолго баштабайт

Choose other languages: