Quran Apps in many lanuages:

Surah Aal-E-Imran Ayahs #158 Translated in Kyrgyz

ثُمَّ أَنْزَلَ عَلَيْكُمْ مِنْ بَعْدِ الْغَمِّ أَمَنَةً نُعَاسًا يَغْشَىٰ طَائِفَةً مِنْكُمْ ۖ وَطَائِفَةٌ قَدْ أَهَمَّتْهُمْ أَنْفُسُهُمْ يَظُنُّونَ بِاللَّهِ غَيْرَ الْحَقِّ ظَنَّ الْجَاهِلِيَّةِ ۖ يَقُولُونَ هَلْ لَنَا مِنَ الْأَمْرِ مِنْ شَيْءٍ ۗ قُلْ إِنَّ الْأَمْرَ كُلَّهُ لِلَّهِ ۗ يُخْفُونَ فِي أَنْفُسِهِمْ مَا لَا يُبْدُونَ لَكَ ۖ يَقُولُونَ لَوْ كَانَ لَنَا مِنَ الْأَمْرِ شَيْءٌ مَا قُتِلْنَا هَاهُنَا ۗ قُلْ لَوْ كُنْتُمْ فِي بُيُوتِكُمْ لَبَرَزَ الَّذِينَ كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقَتْلُ إِلَىٰ مَضَاجِعِهِمْ ۖ وَلِيَبْتَلِيَ اللَّهُ مَا فِي صُدُورِكُمْ وَلِيُمَحِّصَ مَا فِي قُلُوبِكُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Кийин, (ошол чоң) кайгынын артынан, Аллаһ силерге (көз ирмемдик, эс алдыруучу) уйку берди. (Ал уйку) силердин араңардан (динге жан күйдүргөн) бир тайпаны өз кучагына алды. (Силердин араңардагы) дагы бир тайпаны (мунафыктарды) өз жандары кайгыга салып, Аллаһка адилетсиздик менен, нааданчасынан күмөн санап: “Эми, бизге иш жок” (жеңилип бүттүк) дешти. Айт: “Иш Аллаһтын колунда”. Алар сага айтпаган нерселерин жүрөктөрүнө катып: “Эгер бул (согуштук) иште биздин пикирибиз эсепке алынганда, бул жерде өлүп кетпейт элек” дешет. Айт: “Эгер үйүңөрдүн ичинде болсоңор дагы, (тагдырында) өлтүрүлүү жазып коюлган киши, өлтүрүлө турган жайына келет.” (Аллаһ бул иштерди) силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени (ал ыйманбы, мунафыктыкпы) сынаш жана жүрөгүңөрдөгү (шайтандын азгырыгынан турган) нерсени тазалаш үчүн кылды. Аллаһ — жүрөктөрдөгү сырларды да Билүүчү
إِنَّ الَّذِينَ تَوَلَّوْا مِنْكُمْ يَوْمَ الْتَقَى الْجَمْعَانِ إِنَّمَا اسْتَزَلَّهُمُ الشَّيْطَانُ بِبَعْضِ مَا كَسَبُوا ۖ وَلَقَدْ عَفَا اللَّهُ عَنْهُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٌ
(О, момундар, Ухудда) эки (согушкер) жамаат жолуккан күндө артына качкан адамдарыңарды, кээ бир күнөөлөрү себептүү, шайтан гана жолдон азгырган.! Аллаһ алардын күнөөсүн кечирди. Аллаһ Кечиримдүү, (пейили) Жумшак
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ كَفَرُوا وَقَالُوا لِإِخْوَانِهِمْ إِذَا ضَرَبُوا فِي الْأَرْضِ أَوْ كَانُوا غُزًّى لَوْ كَانُوا عِنْدَنَا مَا مَاتُوا وَمَا قُتِلُوا لِيَجْعَلَ اللَّهُ ذَٰلِكَ حَسْرَةً فِي قُلُوبِهِمْ ۗ وَاللَّهُ يُحْيِي وَيُمِيتُ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
О, ыйман келтиргендер! (Алыс) жерге сапарга же болбосо казатка чыккан бурадарлары жөнүндө “Эгер биздин алдыбызда болсо өлбөйт жана өлтүрүлбөйт эле” деген каапырларга окшобогула. Аллаһ алардын бул (жалган) сөздөрүн өздөрүнүн жүрөктөрүнө кайгы кылып койот. Чынында, Аллаһ өлтүрөт жана тирилтет. Аллаһ силер жасап жаткан иштерди Көрүүчү
وَلَئِنْ قُتِلْتُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوْ مُتُّمْ لَمَغْفِرَةٌ مِنَ اللَّهِ وَرَحْمَةٌ خَيْرٌ مِمَّا يَجْمَعُونَ
Эгер силер Аллаһтын жолунда өлтүрүлсөңөр же өлсөңөр.., Аллаһдан болгон кечирим жана ырайым (дүйнө кулдары) жыйнаган нерседен жакшы
وَلَئِنْ مُتُّمْ أَوْ قُتِلْتُمْ لَإِلَى اللَّهِ تُحْشَرُونَ
Эгер өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр, сөзсүз Аллаһтын алдына чогултуласыңар

Choose other languages: