Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #65 Translated in Kyrgyz

وَمَا تَكُونُ فِي شَأْنٍ وَمَا تَتْلُو مِنْهُ مِنْ قُرْآنٍ وَلَا تَعْمَلُونَ مِنْ عَمَلٍ إِلَّا كُنَّا عَلَيْكُمْ شُهُودًا إِذْ تُفِيضُونَ فِيهِ ۚ وَمَا يَعْزُبُ عَنْ رَبِّكَ مِنْ مِثْقَالِ ذَرَّةٍ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ وَلَا أَصْغَرَ مِنْ ذَٰلِكَ وَلَا أَكْبَرَ إِلَّا فِي كِتَابٍ مُبِينٍ
(О, адамдар!) Силер кандай гана абалда болбогула, Кураандан эмнени гана окубагыла, кандай гана иш жасабагыла — Биз силердин ошол иш менен алек болгонуңарга Күбө болуп турабыз. (О, Мухаммад!) Сенин Раббиңден асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да жашыруун боло албайт. Ошол нерседен чоң же кичине болгон нерселердин бардыгы Анык Китепте (Лаухул-Махфузда) жазылып коюлган
أَلَا إِنَّ أَوْلِيَاءَ اللَّهِ لَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Уккула! Чынында, Аллаһтын досторуна (келечекте) эч коркунуч жок жана алар (өтмүштөгү иштерине да) кайгырышпайт
الَّذِينَ آمَنُوا وَكَانُوا يَتَّقُونَ
Алар ыйман келтирип, такыба болгон адамдар
لَهُمُ الْبُشْرَىٰ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ ۚ لَا تَبْدِيلَ لِكَلِمَاتِ اللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
Алар үчүн Дүйнөдө жана Акыретте сүйүнчү кабарлар бар. Аллаһтын сөздөрү (эч качан) өзгөртүлбөйт. Бул — Улуу Жеңиш
وَلَا يَحْزُنْكَ قَوْلُهُمْ ۘ إِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًا ۚ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
(О, Мухаммад) Сени алардын (динге жана сага багытталган ыпылас) сөздөрү капа кылбасын. Бардык урмат-ызаат Аллаһ үчүн! Ал — Угуучу, Билүүчү

Choose other languages: