Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #8 Translated in Kyrgyz

إِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ جَمِيعًا ۖ وَعْدَ اللَّهِ حَقًّا ۚ إِنَّهُ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ لِيَجْزِيَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ بِالْقِسْطِ ۚ وَالَّذِينَ كَفَرُوا لَهُمْ شَرَابٌ مِنْ حَمِيمٍ وَعَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْفُرُونَ
Аллаһтын убадасы - акыйкат: (Анын убадасы боюнча) бардыгыңардын кайтып барарыңар - Өзүнө. Ал оболу калк-калайыкты жаратат. Кийин ыйман келтирип салих амал кылгандарды адилет сыйлаш үчүн жаратууну (экинчи жолу) кайталайт. Каапыр болгон адамдарга болсо, каапыр болгонунун жазасына жан ооруткан азап жана кайнак суудан шарап бар
هُوَ الَّذِي جَعَلَ الشَّمْسَ ضِيَاءً وَالْقَمَرَ نُورًا وَقَدَّرَهُ مَنَازِلَ لِتَعْلَمُوا عَدَدَ السِّنِينَ وَالْحِسَابَ ۚ مَا خَلَقَ اللَّهُ ذَٰلِكَ إِلَّا بِالْحَقِّ ۚ يُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Ал Күндү жарыткыч, Айды Нур кылып койду. Жана силер эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн Айга бир нече орундарды белгилеп койду. Аллаһ муну акыйкат менен жаратты жана биле турган адамдар үчүн аяттарды ачык-айкын баян кылып жатат
إِنَّ فِي اخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَمَا خَلَقَ اللَّهُ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَّقُونَ
Чынында, түн менен күндүздүн алмашып турушунда жана жер-асмандардагы Аллаһ жараткан нерселерде такыба адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар
إِنَّ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا وَرَضُوا بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَاطْمَأَنُّوا بِهَا وَالَّذِينَ هُمْ عَنْ آيَاتِنَا غَافِلُونَ
Албетте, Бизге жолугууну үмүт кылбай (ишенбей), дүйнө жашоосуна гана ыраазы болуп, ошого жөлөнүп жүргөндөр жана Биздин аяттарыбызга көңүл бурбай койгондор
أُولَٰئِكَ مَأْوَاهُمُ النَّارُ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Алардын жазасы - тозок, кылмыштарына жараша

Choose other languages: