Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #9 Translated in Kyrgyz

هُوَ الَّذِي جَعَلَ الشَّمْسَ ضِيَاءً وَالْقَمَرَ نُورًا وَقَدَّرَهُ مَنَازِلَ لِتَعْلَمُوا عَدَدَ السِّنِينَ وَالْحِسَابَ ۚ مَا خَلَقَ اللَّهُ ذَٰلِكَ إِلَّا بِالْحَقِّ ۚ يُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Ал Күндү жарыткыч, Айды Нур кылып койду. Жана силер эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн Айга бир нече орундарды белгилеп койду. Аллаһ муну акыйкат менен жаратты жана биле турган адамдар үчүн аяттарды ачык-айкын баян кылып жатат
إِنَّ فِي اخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَمَا خَلَقَ اللَّهُ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَّقُونَ
Чынында, түн менен күндүздүн алмашып турушунда жана жер-асмандардагы Аллаһ жараткан нерселерде такыба адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар
إِنَّ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا وَرَضُوا بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَاطْمَأَنُّوا بِهَا وَالَّذِينَ هُمْ عَنْ آيَاتِنَا غَافِلُونَ
Албетте, Бизге жолугууну үмүт кылбай (ишенбей), дүйнө жашоосуна гана ыраазы болуп, ошого жөлөнүп жүргөндөр жана Биздин аяттарыбызга көңүл бурбай койгондор
أُولَٰئِكَ مَأْوَاهُمُ النَّارُ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Алардын жазасы - тозок, кылмыштарына жараша
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ يَهْدِيهِمْ رَبُّهُمْ بِإِيمَانِهِمْ ۖ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهِمُ الْأَنْهَارُ فِي جَنَّاتِ النَّعِيمِ
Чынында, ыйман келтирип салих амал кылган адамдарды, ыймандары себептүү Раббиси Туура Жолго баштайт. (Натыйжада) Бейиш бактарында алардын (жайгашкан орундарынын) астында дарыялар агып турат

Choose other languages: