Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #31 Translated in Kyrgyz

وَالَّذِينَ كَسَبُوا السَّيِّئَاتِ جَزَاءُ سَيِّئَةٍ بِمِثْلِهَا وَتَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ ۖ مَا لَهُمْ مِنَ اللَّهِ مِنْ عَاصِمٍ ۖ كَأَنَّمَا أُغْشِيَتْ وُجُوهُهُمْ قِطَعًا مِنَ اللَّيْلِ مُظْلِمًا ۚ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ал эми, жаман иштерди жасаган адамдар үчүн, өзүндөй жаман жаза (тозок) бар. Аларды кордук ороп алат жана Аллаһ тарабынан эч бир сактоочу болбойт. Алардын жүзү тим эле караңгы түндүн бир бөлүгүнө оролуп алган сыяктуу (болуп калат). Дал ошолор тозок ээлери, анда түбөлүк калышат
وَيَوْمَ نَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا ثُمَّ نَقُولُ لِلَّذِينَ أَشْرَكُوا مَكَانَكُمْ أَنْتُمْ وَشُرَكَاؤُكُمْ ۚ فَزَيَّلْنَا بَيْنَهُمْ ۖ وَقَالَ شُرَكَاؤُهُمْ مَا كُنْتُمْ إِيَّانَا تَعْبُدُونَ
Биз алардын бардыгын чогулткан (Кыямат) Күндө, мушриктерге: “Силер (Мага шерик кылган) көп “кудайыңар” менен ордуңардан жылбай тургула!” дейбиз. Кийин алардын арасын ажыратып койобуз. (Ошондо) алардын (Мага) шерик кылган “кудайлары” (мушриктерге карап): “Бизге сыйынган эмессиңер
فَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ إِنْ كُنَّا عَنْ عِبَادَتِكُمْ لَغَافِلِينَ
Силер менен биздин арабызда Аллаһ жетиштүү Күбө: биз силердин ибадат кылганыңарды билген эмеспиз” - дешет
هُنَالِكَ تَبْلُو كُلُّ نَفْسٍ مَا أَسْلَفَتْ ۚ وَرُدُّوا إِلَى اللَّهِ مَوْلَاهُمُ الْحَقِّ ۖ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Ошол жерде ар бир жан өзү жасап өткөн иштерин сыноодон өткөрөт. Жана чыныгы кожоюндары — Аллаһка кайтарылышат. Ойлоп тапкан жалган “кудайлары” алардан жоголуп кетет
قُلْ مَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ أَمَّنْ يَمْلِكُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَمَنْ يُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَيُخْرِجُ الْمَيِّتَ مِنَ الْحَيِّ وَمَنْ يُدَبِّرُ الْأَمْرَ ۚ فَسَيَقُولُونَ اللَّهُ ۚ فَقُلْ أَفَلَا تَتَّقُونَ
(О, Мухаммад, мушриктерге) айт: “Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллаһ”-деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллаһтан) коркпойсуңарбы?”

Choose other languages: