Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #33 Translated in Kyrgyz

فَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ إِنْ كُنَّا عَنْ عِبَادَتِكُمْ لَغَافِلِينَ
Силер менен биздин арабызда Аллаһ жетиштүү Күбө: биз силердин ибадат кылганыңарды билген эмеспиз” - дешет
هُنَالِكَ تَبْلُو كُلُّ نَفْسٍ مَا أَسْلَفَتْ ۚ وَرُدُّوا إِلَى اللَّهِ مَوْلَاهُمُ الْحَقِّ ۖ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Ошол жерде ар бир жан өзү жасап өткөн иштерин сыноодон өткөрөт. Жана чыныгы кожоюндары — Аллаһка кайтарылышат. Ойлоп тапкан жалган “кудайлары” алардан жоголуп кетет
قُلْ مَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ أَمَّنْ يَمْلِكُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَمَنْ يُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَيُخْرِجُ الْمَيِّتَ مِنَ الْحَيِّ وَمَنْ يُدَبِّرُ الْأَمْرَ ۚ فَسَيَقُولُونَ اللَّهُ ۚ فَقُلْ أَفَلَا تَتَّقُونَ
(О, Мухаммад, мушриктерге) айт: “Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллаһ”-деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллаһтан) коркпойсуңарбы?”
فَذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمُ الْحَقُّ ۖ فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَالُ ۖ فَأَنَّىٰ تُصْرَفُونَ
Ушул Аллаһ силердин чыныгы Раббиңер. Чындыктан кийин адашуучулуктан башка эч нерсе келбейт. Кайда бурулуп бара жатасыңар
كَذَٰلِكَ حَقَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ عَلَى الَّذِينَ فَسَقُوا أَنَّهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ
Ошентип, бузулган элдерге, ыйман келтирбегени себептүү Раббиңдин (азап жөнүндөгү) Сөзү аткарылды

Choose other languages: