Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #35 Translated in Kyrgyz

قُلْ مَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ أَمَّنْ يَمْلِكُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَمَنْ يُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَيُخْرِجُ الْمَيِّتَ مِنَ الْحَيِّ وَمَنْ يُدَبِّرُ الْأَمْرَ ۚ فَسَيَقُولُونَ اللَّهُ ۚ فَقُلْ أَفَلَا تَتَّقُونَ
(О, Мухаммад, мушриктерге) айт: “Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллаһ”-деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллаһтан) коркпойсуңарбы?”
فَذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمُ الْحَقُّ ۖ فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَالُ ۖ فَأَنَّىٰ تُصْرَفُونَ
Ушул Аллаһ силердин чыныгы Раббиңер. Чындыктан кийин адашуучулуктан башка эч нерсе келбейт. Кайда бурулуп бара жатасыңар
كَذَٰلِكَ حَقَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ عَلَى الَّذِينَ فَسَقُوا أَنَّهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ
Ошентип, бузулган элдерге, ыйман келтирбегени себептүү Раббиңдин (азап жөнүндөгү) Сөзү аткарылды
قُلْ هَلْ مِنْ شُرَكَائِكُمْ مَنْ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ ۚ قُلِ اللَّهُ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ
Айт: «(О, мушриктер!) силердин (Аллаһтан башка) “кудайыңардын” арасында калк-калайыкты башта жаратып, (кийин өлтүрүп) анан кайра жарата ала турганы барбы?» Айт: «Аллаһ (гана) башта жаратып, (аны өлтүргөндөн) кийин кайра жарата алат! (Ошол Аллаһка сыйынбай) кайда бара жатасыңар
قُلْ هَلْ مِنْ شُرَكَائِكُمْ مَنْ يَهْدِي إِلَى الْحَقِّ ۚ قُلِ اللَّهُ يَهْدِي لِلْحَقِّ ۗ أَفَمَنْ يَهْدِي إِلَى الْحَقِّ أَحَقُّ أَنْ يُتَّبَعَ أَمَّنْ لَا يَهِدِّي إِلَّا أَنْ يُهْدَىٰ ۖ فَمَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ
Айткын: “Силердин “кудайыңардын” арасында акыйкатка баштай ала турганы барбы? Айт: “Аллаһ гана акыйкатка баштай алат! (Айткылачы), ким артынан ээрчигенге көбүрөөк татыктуу: акыйкатка баштай ала турганыбы же баштай албай, тескерисинче, өзү баштоочуга муктаж болгонубу?! Силерге эмне болгон? Кандай өкүм чыгарып жатасыңар

Choose other languages: