Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #4 Translated in Kyrgyz

الر ۚ تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ الْحَكِيمِ
Алиф, Лам, Ра. Булар даанышман Китеп (Кураан) аяттары
أَكَانَ لِلنَّاسِ عَجَبًا أَنْ أَوْحَيْنَا إِلَىٰ رَجُلٍ مِنْهُمْ أَنْ أَنْذِرِ النَّاسَ وَبَشِّرِ الَّذِينَ آمَنُوا أَنَّ لَهُمْ قَدَمَ صِدْقٍ عِنْدَ رَبِّهِمْ ۗ قَالَ الْكَافِرُونَ إِنَّ هَٰذَا لَسَاحِرٌ مُبِينٌ
Өздөрүнүн арасынан (Биз тандап алган) кишиге: (Мухаммадга) “Адамдарды (тозоктон) эскерт жана ыймандууларга Раббисинин алдындагы толуп-ташкан чыныгы сыйлыктар жөнүндө кушкабар бер” деп вахий жиберишибиз (каапыр) адамдарга таңкалычтуу болдубу? Каапырлар (Аллаһтан ушул вахий кабарды алып келген Пайгамбар жөнүндө:) “Бул анык сыйкырчыдан башка эч ким эмес”-дешти
إِنَّ رَبَّكُمُ اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَىٰ عَلَى الْعَرْشِ ۖ يُدَبِّرُ الْأَمْرَ ۖ مَا مِنْ شَفِيعٍ إِلَّا مِنْ بَعْدِ إِذْنِهِ ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ فَاعْبُدُوهُ ۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Чынында, силердин Раббиңер Жер менен асмандарды алты күндө жаратып, андан кийин (жер-асмандардан да кең болгон) Арштан бийик болду.? Ал (бүт ааламдардагы) ишти (жалгыз Өзү) башкарат. Анын уруксаты болмоюн, (Анын алдында) эч ким (бирөөнүн) күнөөсүнө актоочу боло албайт. Ушул Аллаһ — Раббиңер. Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Эми, эсиңерге келбейсиңерби
إِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ جَمِيعًا ۖ وَعْدَ اللَّهِ حَقًّا ۚ إِنَّهُ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ لِيَجْزِيَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ بِالْقِسْطِ ۚ وَالَّذِينَ كَفَرُوا لَهُمْ شَرَابٌ مِنْ حَمِيمٍ وَعَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْفُرُونَ
Аллаһтын убадасы - акыйкат: (Анын убадасы боюнча) бардыгыңардын кайтып барарыңар - Өзүнө. Ал оболу калк-калайыкты жаратат. Кийин ыйман келтирип салих амал кылгандарды адилет сыйлаш үчүн жаратууну (экинчи жолу) кайталайт. Каапыр болгон адамдарга болсо, каапыр болгонунун жазасына жан ооруткан азап жана кайнак суудан шарап бар

Choose other languages: