Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #39 Translated in Kyrgyz

لِيَأْكُلُوا مِنْ ثَمَرِهِ وَمَا عَمِلَتْهُ أَيْدِيهِمْ ۖ أَفَلَا يَشْكُرُونَ
Ошол бактардын мөмөсүнөн жесин деп. Ал мөмөлөрдү алардын колу жасаган жок! Шүгүр кылышпайбы, эми
سُبْحَانَ الَّذِي خَلَقَ الْأَزْوَاجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنْبِتُ الْأَرْضُ وَمِنْ أَنْفُسِهِمْ وَمِمَّا لَا يَعْلَمُونَ
Жер өстүрүп чыгарган нерселерден, өздөрүнөн жана өздөрү да билбеген (көп) нерселерден бардык жуп-жубайларды жараткан Аллаһ — Аруу,Таза
وَآيَةٌ لَهُمُ اللَّيْلُ نَسْلَخُ مِنْهُ النَّهَارَ فَإِذَا هُمْ مُظْلِمُونَ
Аларга (дагы бир) белги — түн. Биз андан күндүздү сыйрып алаарыбыз менен, алар караңгыда калышат
وَالشَّمْسُ تَجْرِي لِمُسْتَقَرٍّ لَهَا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ
(Дагы бир белги —) Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул — Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганы
وَالْقَمَرَ قَدَّرْنَاهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَالْعُرْجُونِ الْقَدِيمِ
Биз Айга да, курманын эски шиңгили сыяктуу болуп (ийрейип) калганга чейин бир нече орундарды белгилеп койгонбуз

Choose other languages: