Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #101 Translated in Kyrgyz

قَالَ فَاذْهَبْ فَإِنَّ لَكَ فِي الْحَيَاةِ أَنْ تَقُولَ لَا مِسَاسَ ۖ وَإِنَّ لَكَ مَوْعِدًا لَنْ تُخْلَفَهُ ۖ وَانْظُرْ إِلَىٰ إِلَٰهِكَ الَّذِي ظَلْتَ عَلَيْهِ عَاكِفًا ۖ لَنُحَرِّقَنَّهُ ثُمَّ لَنَنْسِفَنَّهُ فِي الْيَمِّ نَسْفًا
(Муса) Айтты: «Эми (бул жерден) жогол! Сага эми жашоодо (жийиркеничтүү ооруга кабылганың себептүү, безилдеп:) «Мага тийбегилечи» деп айтышың гана бар. Жана (Акыретте) сага кутулгус убада (тозок) даяр! Өзүң азырга чейин табынып жаткан «кудайыңа» карачы? (Сага эмне пайда бере алды?) Биз (азыр) аны күйгүзүп, (күлүн) деңизге сапырып жиберебиз
إِنَّمَا إِلَٰهُكُمُ اللَّهُ الَّذِي لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ وَسِعَ كُلَّ شَيْءٍ عِلْمًا
Силердин (чыныгы) кудайыңар — Өзүнөн башка кудай жок болгон Аллаһ! Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтыган!»
كَذَٰلِكَ نَقُصُّ عَلَيْكَ مِنْ أَنْبَاءِ مَا قَدْ سَبَقَ ۚ وَقَدْ آتَيْنَاكَ مِنْ لَدُنَّا ذِكْرًا
Ошентип, Биз сага (о, Мухаммад), өткөндөрдүн кабарларын икая кылдык жана алдыбыздагы Зикирди (Кураанды) бердик
مَنْ أَعْرَضَ عَنْهُ فَإِنَّهُ يَحْمِلُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وِزْرًا
Ким андан жүз бурса, Кыяматта (күнөөсүнүн) жүгүн көтөрөт
خَالِدِينَ فِيهِ ۖ وَسَاءَ لَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ حِمْلًا
Ал жүктөн түбөлүккө ажырабайт. Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман

Choose other languages: