Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #102 Translated in Kyrgyz

إِنَّمَا إِلَٰهُكُمُ اللَّهُ الَّذِي لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ وَسِعَ كُلَّ شَيْءٍ عِلْمًا
Силердин (чыныгы) кудайыңар — Өзүнөн башка кудай жок болгон Аллаһ! Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтыган!»
كَذَٰلِكَ نَقُصُّ عَلَيْكَ مِنْ أَنْبَاءِ مَا قَدْ سَبَقَ ۚ وَقَدْ آتَيْنَاكَ مِنْ لَدُنَّا ذِكْرًا
Ошентип, Биз сага (о, Мухаммад), өткөндөрдүн кабарларын икая кылдык жана алдыбыздагы Зикирди (Кураанды) бердик
مَنْ أَعْرَضَ عَنْهُ فَإِنَّهُ يَحْمِلُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وِزْرًا
Ким андан жүз бурса, Кыяматта (күнөөсүнүн) жүгүн көтөрөт
خَالِدِينَ فِيهِ ۖ وَسَاءَ لَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ حِمْلًا
Ал жүктөн түбөлүккө ажырабайт. Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман
يَوْمَ يُنْفَخُ فِي الصُّورِ ۚ وَنَحْشُرُ الْمُجْرِمِينَ يَوْمَئِذٍ زُرْقًا
Сур (кернейи) тартылган күн... Ошол күнү күнөөлүүлөрдү (коркуудан жана кордуктан улам) ыраң-түсү көгөргөн абалда чогултабыз. (Алар периштелер тарабынан кордолуп Мавкиф тарапка сүрүп алып барыла жатканда)

Choose other languages: