Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #96 Translated in Kyrgyz

قَالَ يَا هَارُونُ مَا مَنَعَكَ إِذْ رَأَيْتَهُمْ ضَلُّوا
(Муса кайтып келип, коомун бул абалда көргөн соң орун басарына) айтты: «О, Харун, алардын адашканын көргөнүңдө сени эмне токтотту
أَلَّا تَتَّبِعَنِ ۖ أَفَعَصَيْتَ أَمْرِي
мага (кабар бериш үчүн) ээрчип (тез) баруудан?! Менин буйругума каршы чыктыңбы
قَالَ يَا ابْنَ أُمَّ لَا تَأْخُذْ بِلِحْيَتِي وَلَا بِرَأْسِي ۖ إِنِّي خَشِيتُ أَنْ تَقُولَ فَرَّقْتَ بَيْنَ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَلَمْ تَرْقُبْ قَوْلِي
(Харун) айтты: «О, апамдын баласы, сакалымдан, чачымдан тартпачы. Мен (сага кабар берүүнү ойлогом, бирок артыңдан барганымда менден капа болуп): «Менин сөзүмдү (өзүмдү) күтпөй, Исрайил уруусун бөлүп жибериптирсиң!» дешиңден корктум»
قَالَ فَمَا خَطْبُكَ يَا سَامِرِيُّ
(Анан, Муса): «Эй, Саамирий, бул эмне кылганың?!» - деди
قَالَ بَصُرْتُ بِمَا لَمْ يَبْصُرُوا بِهِ فَقَبَضْتُ قَبْضَةً مِنْ أَثَرِ الرَّسُولِ فَنَبَذْتُهَا وَكَذَٰلِكَ سَوَّلَتْ لِي نَفْسِي
(Анда, Саамирий): «Мен алар көрбөгөн нерсени көрүп калгам. Анан элчинин (атынын) изинен бир чеңгел алып, музоого сээп жибердим эле (ал жан кирген сыяктанып, мөөрөгөн добуш чыгарды). Нафсим мени ушуга жетелеген»-деди

Choose other languages: