Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #94 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ قَالَ لَهُمْ هَارُونُ مِنْ قَبْلُ يَا قَوْمِ إِنَّمَا فُتِنْتُمْ بِهِ ۖ وَإِنَّ رَبَّكُمُ الرَّحْمَٰنُ فَاتَّبِعُونِي وَأَطِيعُوا أَمْرِي
Ошого чейин аларга Харун: «О, коомум! Силер бул (музоо) менен сыналдыңар (азгырылдыңар) силердин Раббиңер — Рахман! Мени(н сөзүмдү) ээрчигиле жана буйругума моюн сунгула!» дегенде
قَالُوا لَنْ نَبْرَحَ عَلَيْهِ عَاكِفِينَ حَتَّىٰ يَرْجِعَ إِلَيْنَا مُوسَىٰ
Алар айтышты: «Бизге Муса кайтып келмейинче (жана бир нерсе демейинче) буга табынууну токтотпойбуз»
قَالَ يَا هَارُونُ مَا مَنَعَكَ إِذْ رَأَيْتَهُمْ ضَلُّوا
(Муса кайтып келип, коомун бул абалда көргөн соң орун басарына) айтты: «О, Харун, алардын адашканын көргөнүңдө сени эмне токтотту
أَلَّا تَتَّبِعَنِ ۖ أَفَعَصَيْتَ أَمْرِي
мага (кабар бериш үчүн) ээрчип (тез) баруудан?! Менин буйругума каршы чыктыңбы
قَالَ يَا ابْنَ أُمَّ لَا تَأْخُذْ بِلِحْيَتِي وَلَا بِرَأْسِي ۖ إِنِّي خَشِيتُ أَنْ تَقُولَ فَرَّقْتَ بَيْنَ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَلَمْ تَرْقُبْ قَوْلِي
(Харун) айтты: «О, апамдын баласы, сакалымдан, чачымдан тартпачы. Мен (сага кабар берүүнү ойлогом, бирок артыңдан барганымда менден капа болуп): «Менин сөзүмдү (өзүмдү) күтпөй, Исрайил уруусун бөлүп жибериптирсиң!» дешиңден корктум»

Choose other languages: