Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #84 Translated in Kyrgyz

يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ قَدْ أَنْجَيْنَاكُمْ مِنْ عَدُوِّكُمْ وَوَاعَدْنَاكُمْ جَانِبَ الطُّورِ الْأَيْمَنَ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكُمُ الْمَنَّ وَالسَّلْوَىٰ
О, Исрайил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Жана (силерге диний-дүйнөлүк нээмат болгон Тоорат китебин берүү үчүн) Тур тоосунун оң тарабын убадалаштык. Силерге асмандан шириндиктер, даяр, бышкан куш эттерин жаадырдык (жана мындай дедик)
كُلُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ وَلَا تَطْغَوْا فِيهِ فَيَحِلَّ عَلَيْكُمْ غَضَبِي ۖ وَمَنْ يَحْلِلْ عَلَيْهِ غَضَبِي فَقَدْ هَوَىٰ
«Биз ырыскы кылып (түшүрүп) берген таза ырыскылардан жегиле, бирок анда чектен чыкпагыла (жеп алып күнөө кылбагыла) (эгер ошентчү болсоңор) үстүңөргө Менин азабым түшөт. Кимге Менин азабым түшсө, анын өлгөнү — ошол
وَإِنِّي لَغَفَّارٌ لِمَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا ثُمَّ اهْتَدَىٰ
(Бирок) Мен, тооба келтирип, ыймандуу болуп, жакшы амал кылып, Туура Жолго түшкөндөрдү албетте, кечиремин»
وَمَا أَعْجَلَكَ عَنْ قَوْمِكَ يَا مُوسَىٰ
«О, Муса, сен коомуңдан эмнеге мынча шашылып, озуп кеттиң?»
قَالَ هُمْ أُولَاءِ عَلَىٰ أَثَرِي وَعَجِلْتُ إِلَيْكَ رَبِّ لِتَرْضَىٰ
(Муса) айтты: «Алар мына, артымда келе жатышат. О, Раббим, мен Сага шашып баратамын! Ыраазы болушуң үчүн!»

Choose other languages: