Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #71 Translated in Kyrgyz

فَأَوْجَسَ فِي نَفْسِهِ خِيفَةً مُوسَىٰ
Муса ичинен бир сестенип алды
قُلْنَا لَا تَخَفْ إِنَّكَ أَنْتَ الْأَعْلَىٰ
Биз (ага): «Коркпогун сен (алардан) жогору(боло)суң
وَأَلْقِ مَا فِي يَمِينِكَ تَلْقَفْ مَا صَنَعُوا ۖ إِنَّمَا صَنَعُوا كَيْدُ سَاحِرٍ ۖ وَلَا يُفْلِحُ السَّاحِرُ حَيْثُ أَتَىٰ
Колуңдагы нерсени (асатаякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт» дедик
فَأُلْقِيَ السَّحَرَةُ سُجَّدًا قَالُوا آمَنَّا بِرَبِّ هَارُونَ وَمُوسَىٰ
Анан сыйкырчылар сажда кылган абалда жерге бой таштап: «Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик!» дешти. (Муну көргөн Фираун аябай ачууланды)
قَالَ آمَنْتُمْ لَهُ قَبْلَ أَنْ آذَنَ لَكُمْ ۖ إِنَّهُ لَكَبِيرُكُمُ الَّذِي عَلَّمَكُمُ السِّحْرَ ۖ فَلَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ مِنْ خِلَافٍ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمْ فِي جُذُوعِ النَّخْلِ وَلَتَعْلَمُنَّ أَيُّنَا أَشَدُّ عَذَابًا وَأَبْقَىٰ
«Эмне силер мен уруксат бербей туруп эле, ага (Аллаһка) ыйман келтире бересиңерби?! Демек, ал (Муса) силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар экен. Эми мен силердин кол-бутуңарды каршы-тершисинен (оң кол, сол бут) кесип саламын жана өзүңөрдү курма дарагына асып койомун. Анан кимибиздин (Аллаһтынбы же менинби) азабыбыз катуураак жана узунураак экенин билип аласыңар!»

Choose other languages: