Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #118 Translated in Kyrgyz

فَتَعَالَى اللَّهُ الْمَلِكُ الْحَقُّ ۗ وَلَا تَعْجَلْ بِالْقُرْآنِ مِنْ قَبْلِ أَنْ يُقْضَىٰ إِلَيْكَ وَحْيُهُ ۖ وَقُلْ رَبِّ زِدْنِي عِلْمًا
Акыйкат Падыша болгон Аллаһ эң Жогору! (О, Мухаммад)) сага вахий кабары түшүп бүтө электе, Кураанды окуганга шашылба жана: «О, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн!» деп дуба кыл
وَلَقَدْ عَهِدْنَا إِلَىٰ آدَمَ مِنْ قَبْلُ فَنَسِيَ وَلَمْ نَجِدْ لَهُ عَزْمًا
Биз (Бейиштеги бир даракка жакындабоо жөнүндө) Адам менен убадалашкан элек. Ал унутуп койду. Биз анда сабырдуулукту көрбөдүк
وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَىٰ
Ошондо Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бардыгы сажда кылды, бир гана Иблис (текеберленип; «Мен андан абзелмин» деп) баш тартты
فَقُلْنَا يَا آدَمُ إِنَّ هَٰذَا عَدُوٌّ لَكَ وَلِزَوْجِكَ فَلَا يُخْرِجَنَّكُمَا مِنَ الْجَنَّةِ فَتَشْقَىٰ
Биз айттык: «О, Адам! Чынында, бул (Иблис) сага жана аялыңа душман! Экөөңдү азгырып Бейиштен чыгарып койбосун! Анда бактысыз болуп каласың
إِنَّ لَكَ أَلَّا تَجُوعَ فِيهَا وَلَا تَعْرَىٰ
(Анткени,) Сен Бейиште ач-жылаңач калбайсың

Choose other languages: